Ректор Орхон алмашуу программасы менен келген окутуучу-профессорлор менен жолугушту


  • 2023-09-28

2023-жылдын 27-сентябрында университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Орхон алмашуу программасы менен Түркиянын Эге университетинен келген профессор Синан Акгѳл, профессор Фазилет Незахат Алаюнт, профессор Йүксел Түзел, профессор Харун Йалчын, доцент Ресул Байы, доцент Арзу Йазгы жана ага окутуучу Вейсел Бай менен жолугушту.

Жолугушууда ректор конок окутуучуларга “Манас” университети тууралуу маалымат берип жатып, ар бир академиялык жана административдик кызматкердин университетибиз тууралуу ой-пикирине маани берилерин баса белгиледи.

Конок профессорлор университеттин физикалык шарттарын, жабдылышын жана кампустун жарыктандырылышын жактырышып, окуу жайдын студенттерине ыңгайлуу экенин баса белгилешти. Аны менен катар студенттер жана кызматкерлер арасындагы үй-бүлөдөгүдөй жылуу карым-катнашты сезишкендерин жана студенттердин билим деңгээли бийик, академиялык дарамети жогору экенин айтып, бул окуу жайга келгендерине ыраазы экендиктерин билдиришти.

Белгилей кетсек Орхун алмашуу программасынын алкагында келген окутуучу-профессорлор университеттин инженердик, айыл-чарба жана ветеринардык факультеттеринде эки жума бою семинар ѳтүшүп, ѳздѳрүнүн тажрыйбасы менен бѳлүшмѳкчү.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

https://www.instagram.com/p/CxxSo4dtzL4/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==

 

    Социалдык медиада бөлүшүү