Университетибиздин студенттери үчүн коопсуздук боюнча семинар өткөрүлдү


  • 2023-09-30

2023-жылдын 29-сентябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде студенттердин маалымдуулугун жана коопсуздугун жогорулатуу максатында атайын семинар өткөрүлдүү. Ленин райондук ички иштер бөлүмү тарабынан уюштурулган бул иш-чара университеттин конгресс-маданий борборунда өттү.

"Ден соолук жана коопсуздук - адам жашоосунун негизги баалуулуктары"

Семинардын ачылыш сөзүндө «Манас» университетинин саламаттык сактоо, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Назира Кубанычбек: «Адамдын жашоосунда эки негизги баалуулук бар биринчиси ден соолук, экинчиси адамдын коопсуздугу,» - деп айтты. Ал коопсуздуктун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Коопсуздуксуз билим алуу жана иштөө мүмкүн эмес"

«Манас» университетинин коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн директору Абдыгапар Эстебесов өз сөзүндө: «Бул жолугушууну өткөрүүнүн себеби студенттердин коопсуздугуна байланыштуу. Анткени коопсуздук камсыз кылынбаган чөйрөдө билим алуу жана иштөө мүмкүн эмес болуп калат. Биз сиздерди коргоого аракет кылабыз. Бизде жалпы аймактарда байланыш телефондору бар, эгер сизде кандайдыр бир коопсуздук көйгөйлөрү болсо, биз менен 24/7 байланыша аласыз. «Баардык окуучуларга сабактарына ийгиликтерди каалайм.»-деп айтты. Ленин районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине бөлүмдүн башчысы, милициянын майору Руслан Раззаков мырзага дагы ыраазычылыг  билдирди.

Милиция кызматкерлери алдын алуу иш-чараларын түшүндүрүштү

Жолугушууга келген Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттерине майор Руслан Раззаков жана улук лейтенант Илгиз Мирбек уулу Бишкек шаарындагы жана «Манас» университетинин Ч.Айтматов атындагы студенттик шаарчасында коопсуздук иш-чаралары тууралуу маалымат беришти.

Жолугушуунун аягында студенттер суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк алышты жана коопсуздук боюнча кеңири маалымат алышты.

«Манас» университети студенттердин жана кызматкерлердин коопсуздугуна аяр мамилесин сактап, ишин улантууда.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Cxz7y3JtkBs/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==

    Социалдык медиада бөлүшүү