Университетибиз ректорлор форумуна катышты


  • 2023-10-07

Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде  Кыргызстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алкагында уюштурулган форумга Кыргызстан жана Өзбекстандан  40тан ашуун жогорку окуу жайлар катышты.

Форумдун негизги максаты – эки өлкөнүн университеттеринин ортосунда туруктуу өнөктөштүк мамилелерди түзүү болуп саналат. Билим берүү процессинде изилдөө тажрыйбаларындагы билим берүү ыкмаларынын үлгүлөрү менен бөлүшүү, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу келишимдеринин негизинде эл аралык билим берүү программаларын жана долбоорлорун иштеп чыгуу, профессордук-окутуучулук курамдын жана студенттердин мобилдүүлүгүн өнүктүрүүнү кеңейтүүнү максат кылган иш-чарада өнөктөш университеттер менен эл аралык кызматташуулар, бул жаатта алдыңкы тажрыйбалар менен илимий изилдөөдөгү активдүүлүк жана инновацияларын  интернационалдаштыруу  талкууланды.

Форумга университетибиздин проректору, доцент Камалбек Карымшаков жана университетибиздин тышкы байланыштар боюнча координатору, профессор Кемал Полат катышты. Иш-чарада университетибиз тааныштырылып, айрыкча Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын келген өкүлдөр менен эки тараптуу келишим түзүү мүмкүнчүлүктөрү, студент жана окутуучулардын мобилдүүлүгү сыяктуу бирге кызматташуу боюнча маселелер талкууланды. Дүйнөдөгү университеттердин рейтингинде QS (Quacquarelli Symonds) алгачкы 800-орунга кирүү менен Борбор Азияда эле эмес, дүйнөнүн да эң мыкты университеттеринин бири болгонун тастыктаган “Манас” университети менен биргеликте билим берүү, маданият, искусство тармагында кызматташууну каалаган окуу жайлар менен жолугушуулар болуп өттү.

Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университети, Наманган инженердик-курулуш университети, Ташкент мамлекеттик чыгыш таануу университети, Самарканд экономика жана сервис институту, Ташкент Турин политехникалык университети сыяктуу окуу жайлар биздин университет менен кызматташууну каалагандарын билдиришти.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CyDxEChN5Bj/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү