КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге университетибиздин 25 жыл төш белгиси тапшырылды


  • 2023-10-07

Үстүбүздөгү жылдын 6-октябрында профессор Камил Ялчын Полат “Боорду алмаштыруу боюнча актуалдуу маселелер” аталышында семинар өттү. Семинардын коногу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматташтыгы жана университетибизде медицина факультетинин ачылышына кошкон салымы үчүн “Кыргыз-Түрк “ Манас” университетине - 25 жыл” төш белгиси менен сыйланды.

Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан сыйлык тапшыруунун алдында министр Алымкадыр Бейшеналиевге сыймыктануу менен ыраазычылык билдирип: "Медицина факультетинин ачылышына министрдин кошкон салымы чоң. Бул факультетте алтын тамгалар менен жазыла турчу тизмеде урматтуу министрибиздин ысымы сап башында", - деп сөзүн мындай улантты: "Урматтуу министр, көптөгөн кыйынчылыктарга карабай 2021-жылдын 30-декабрында медицина факультетин ачуу келишимине кол коюу менен кыргыз-түрк достугунун күчүн дагы бир жолу көрсөттү. Бар болуңуз!".

Айрыкча, Алымкадыр Бейшеналиевдин кайрадан саламаттыкты сактоо министри кызматына келишин Кыргыз-Түрк «Манас» университети кубануу менен кабыл алганын баса белгиледи.

Андан соң сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тыгыз кызматташтыгы жана университеттин медицина факультетинин ачылышына кошкон салымы үчүн “Кыргыз-Түрк “ Манас” университетине - 25 жыл” төш белгиси менен сыйланды.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ректор, профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирип, мындай деди: "Алгач бүгүн "Манас" университетинде болгонума жана дүйнө жүзүнө белгилүү болгон башкы хирургтун өлкөбүзгө келишине абдан кубанычтамын. Профессор Камил Ялчын Полаттын кылып жаткан иштери, тажрыйбалары, жасаган операциялары адамзат үчүн зор мааниге ээ. Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич орган алмаштырууга байланышкан иштердин ишке ашуусуна жана өнүгүшүнө чоң маани берет. Ар кайсы өлкөлөрдөн эксперттерди, дарыгерлерди чакырдык. Бул иш-аракеттин жыйынтыгында биздин өлкөгө 130 дарыгер чакырылган. Мында бөйрөк алмаштыруу боюнча 3 операция жасадык. Бул жаатта Түркиянын атынан урматтуу профессор Камил Ялчын Полатка, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан көпүрө катары колдоо көрсөтсө, биргеликте көптөгөн иштерди жүргүзөбүз деген үмүттөмүн. Ушундайча биз өз ара түшүнүшүү меморандумдарын жана келишимдерди түзүү менен чоң өнүгүүлөргө салым кошо алабыз"-деди.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев : "Борбор Азиядагы эң мыкты университеттердин бири болгон Кыргыз-Түрк "Манас" университети 2021-жылы министрликке медицина факультетин ачуу боюнча кайрылып, лицензия алууга тийиштүү бардык талаптарды аткарды. "Манас" университети алдыда дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишет деп ишенем. Бүгүнкү иш-чара да буга далил. Бул үчүн эмне кылышыбыз керек болсо ишке ашырууга ар дайым даярбыз. Жалпы студенттерге ийгилик, бекем ден-соолук жана эсендик тилейм", -деп сөзүн жыйынтыктады.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CyGYKcttNVd/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Haberin Videosu:

https://youtu.be/EHI0eo-plfA?si=fKWxGBd8thBJkoby

    Социалдык медиада бөлүшүү