«Манас» университети EUR эл аралык рейтингине катышуу тууралуу кубанычтуу кабар алды


  • 2023-10-10

2023-жылдын 6-7-октябрь күндөрү Казакстандын борбору Астана шаарында Казакстандын Көз карандысыз аккредитация жана рейтинг агенттиги тарабынан уюштурулган 7 - Эл аралык Евразия жогорку билим берүү форуму жогорку билим берүү тармагын жолуктуруп, “Жогорку билим берүүнүн туруктуу келечеги” темасында маанилүү сүйлөшүүлөрдү ишке ашырды.

Профессор Олгун Чичек «Манас» университетинин атынан сыймыктануу менен катышты

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорунун кеңешчиси, профессор Олгун Чичек 7- Эл аралык Евразия жогорку билим берүү форумуна баяндамачы катары чакырылып, баяндамасында “Манас” университетин сыймыктануу менен тааныштырып, быйыл университеттин EUR эл аралык рейтингине катышуу тууралуу кубанычтуу кабар алды.

Форумга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Молдова жана Осетиядан 150 жогорку билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышып, алар Борбордук Азиядагы жогорку билим берүүнүн сапаты жана туруктуулугу маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, интернационалдаштыруу боюнча үлгүлүү тажрыйбалар да бөлүшүлдү.

Форумдун быйылкы ардактуу коногу Бельгиядагы EQAR (Жогорку билим берүүдө сапатты камсыздоо боюнча агеттиктердин европалык реестри) президенти Стефан Ловик болду. Ловик жогорку билим сапаты жана кепилдиги боюнча маанилүү перспективаларды сунуштоо менен катышуучуларды шыктандырды.

Университеттер аралык кызматташтык жана биргелешкен долбоорлор иштелип чыкты

Казакстандын Жогорку билим берүү министри жана университеттердин жетекчилери катышкан форумда университеттер аралык кызматташуу протоколдоруна кол коюлуп, биргелешкен долбоорлор жана алмашуу программалары боюнча талкуулар жүргүзүлдү. Протоколго кол коюуга беш университет макулдашты.

Бул маанилүү форум аймактагы жогорку билим берүүнүн туруктуу келечегин калыптандырууга жана эл аралык кызматташтыкты илгерилетүүгө багытталган ири кадам катары белгиленди. “Манас” университети Евразиялык жогорку билим берүү тармагында мындан ары да өсүү жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, келечекке үмүт менен карайт.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CyN4h9gt_Q4/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү