“Манас” радиосунун бул жумадагы атайын коногу ректор, профессор Алпаслан Жейлан болду


  • 2023-10-11

“Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан 2023-жылдын 9-октябрь күнү “Манас” радиосунда маанилүү билдирүүлөрдү жасады. Ректор, профессор Алпаслан Жейлан 2023-2024-окуу жылынын максаттарына токтолуп,  “Манас” радиосунун угармандарына 11-12-13-октябрь күндөрү өткөрүлө турган “Түрк элдеринин салттуу спорт оюндарынын” XII Эл аралык симпозиуму жана Түрк мамлекеттеринин уюму - Түрк университеттер биримдигинин салттуу спорт оюндары тууралуу маалымат берди.

Акыркы эки жылдан бери QS World University Rankings рейтингине кирген биз үчүн чоң сыймык болгон университетибиз тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты: “Биздин максатыбыз “Манас” университетин дүйнөнүн эң престиждүү университеттеринин катарына киргизүү. 2023-2024 окуу жылы бул максатка дагы бир кадам жакындашыбыз үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк берип жатат. Университетибиздин бекем инфраструктурасы жана квалификациялуу профессордук-окутуучулук курамы менен семестрди ийгиликтүү өткөрөбүз деген ишеничтебиз. Билим сапатыбызды мындан дагы жакшыртуу аркылуу студенттерибизге дүйнөлүк стандарттагы билим берүүнү максат кылабыз"-деди.

"Университеттен да артык” урааны менен жолго аттандык

"Университеттен да артык” урааны менен иш алып барган ректор, профессор Алпаслан Жейлан «Манас» университети жөн гана билим берүү мекемеси болуу менен чектелбестен, Кыргызстандын ар бир аймагына салым кошууну максат кылышарын билдирди. Университеттин өнүгүүнүн жана инновациянын алдыңкысы болууну максат кылганын баса белгилеген ректор, профессор Алпаслан Жейлан билим берүү менен бирге маданият, искусство, экономика, туризм жана спорт сыяктуу тармактарга да салым кошууну пландагандарын айтты.

Университет Евразия тарыхы, тил жана археология институтун түзүү менен Кыргызстан менен Түркиянын гана эмес, түрк дүйнөсүнүн тарыхын, тилин, археологиясын изилдөөнү максат кылганын белгилеген ректор, профессор Алпаслан Жейлан бул жаатта жоопкерчиликтүү экенин сезерин айтты.

 “Манас” университети “Түрк элдеринин салттуу спорт оюндарынын” XII Эл аралык симпозиуму жана салттуу спорт оюндарын өткөрөт

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан дүйнөлүк деңгээлде университеттин алдында Салттуу оюндар жана спорт илим-изилдөө институтун, андан соң салттуу спорт оюндары майданы курулганын айтып берди.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сөзү менен: “Эл түпкү тамырына кайтып, салт-санаасын улантпаса, маңкурт болуп калат,”-деп жаштарга өз маданиятын ээ болуу менен маңкурт болуп кетишпесин деген тилектерин билдирди.

Мындан тышкары, “Түрк элдеринин салттуу спорт оюндарынын” XII Эл аралык симпозиуму жана салттуу спорт оюндарын өткөрө тургандарын белгилеген ректор, профессор Алпаслан Жейлан бул иш-чарага эң чоң колдоо көрсөткөн Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Нежметтин Билал Эрдоган мырза экенин айтып, алар менен көп жылдар бою кызматташкандарын билдирди.

“Манас университети” : Салттуу оюндар аркылуу жаштарды ата-бабаларына жакындатат

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан университет катары салттуу түрк оюндарына чоң маани бергендерин жана бардык студенттердин бул оюндарды ойногондорун каалагандарын белгиледи. Спорттун бул түрлөрү түрк маданиятынын маанилүү бөлүгү экенин жана жаштардын ата-бабалары менен таанышуусуна шарт түзгөнүн баса белгиледи.

Өз сөзүндө симпозиум тууралуу маалымат берген ректор, профессор Алпаслан Жейлан: “Түрк элдеринин салттуу спорт оюндарынын” XII Эл аралык симпозиумунда 5 сессия болот, бул сессиялардын үчөө офлайн, экөө онлайн болот. Симпозиумга Кыргызстан, Түркия, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, АКШ, Азербайжан, Монголия жана башка өлкөлөрдөн катышуучулар катышып, жалпысынан 126 доклад окулат”- деп мынадй деп кошумчалады: “Биз бул иш-чараны өз тармагындагы эң ири жана маанилүү симпозиум деп эсептейбиз.

Сөзүн жыйынтыктап жатып ректор, профессор Алпаслан Жейлан 2023-2024 окуу жылынын максаты QS World University Rankings рейтингинде алгачкы 500 орунга кирүү экенин айтып, университеттин сапаттуу профессордук-окутуучулук курамы жана ийгиликтүү студенттери менен бул максаттын ишке ашырылат деген ишеничин билдирди.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CyQw5BSNYaM/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

https://www.instagram.com/reel/CyLk2lAtzKL/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү