Түрк мамлекеттеринин уюму - Түрк университеттер биримдигинин I Салттуу спорт оюндарын жыйынтыктоочу аземи болуп өттү


  • 2023-10-14

2023-жылдын 13-октябрында Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына карата Түрк мамлекеттеринин уюму – Түрк университеттер биримдигинин I салттуу спорт оюндарын жыйынтыктоочу аземи салтанаттуу түрдө Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөрүлдү.

Жыйынтыктоочу аземге Түрк мамлекеттеринин уюму – Түрк университеттер биримдигинин өкүлдөрү, спортчулар, университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана атайын чакырылган коноктор катышышты.

Алгачкы сөз  Салттуу спорт оюндарын уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин спорт илимдери факультетинин деканынын орун басары Алмас Абдырахмановго берилип, иш-чаранын жыйынтыгын жарыялады. Абдырахманов иш-чаранын ийгилиги жана катышуучулардын кошкон салымы тууралуу мындай деди: “Бүгүн салттуу спорт оюндарын жыйынтыктап жатабыз. Түрк дүйнөсүнүн маданий байланышын чындоо максатында өткөрүлдү. Бул максаттын алкагында түрк дүйнөсүнүн биримдигин дагы да бекемдедик.” Бул оюндарга 3 мамлекеттен 8 команда катышып, анда 200дөн ашуун катышуучу болгонун билдирди.  

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан баяндамасында “Манас” университетинин Кыргызстанда жана дүйнөлүк деңгээлде бир топ маанилүү жетишкендикке ээ болгон университет экенин баса белгиледи. Өмүрүнүн белгилүү бир мезгилин салттуу спорт оюндарына кызыгуу менен өткөргөнү үчүн салттуу спорттун мааниси өзгөчө экенин айткан ректор Жейлан “Манас университетинде” Салттуу оюндар жана спорт илим-изилдөө институтунун жана салттуу спорт оюндары майданынын түптөлүшүнө кубанычта экенин билдирди. Түрк мамлекеттеринин уюму – Түрк университеттер биримдигинин I салттуу спорт оюндарын окуу жайыбызда өткөрүлүшү чоң кубаныч экенин кошумчалады.

Ректор Жейлан салттуу спорт оюндары түрк дүйнөсүндө достуктун жана биримдиктин символу экенин баса белгилеп, “Салттуу спорт оюндарынын максаты- жеңүү эле эмес, бир туугандык сезимин арттыруу, каада-салтыбызды, үрп-адатыбызды жашатуу жана бөлүшүү,”-деди.

Ошондой эле Түрк мамлекеттеринин уюму-Түрк университеттер биримдигинин I салттуу спорт оюндары келечекте дагы чоң жана таасирдүү иш-чараларды шыктандырып, түрк элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүүнү арттырууну уланта берерин кошумчалады. Катышуучу спортчулардын өзгөчө аракетине жана оюнуна баа берип, бул иш-чарага салым кошкондордун бардыгына ыраазычылык билдирди жана Түрк мамлекеттеринин уюму-Түрк университеттер биримдигинин I салттуу спорт оюндары жыл сайын үзгүлтүксүз өткөрүлөрүн кабарлады.

Жыйынтыктоочу аземде “Манас” университети тарабынан салттуу спорт федерацияларынын төрагаларына ыраазычылык баракчалары жана медалдар тапшырылды.

Белгилей кетсек, Мас-рестлинг федерациясынын төрагасы Бакыт Жетигенов Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана башкы катчыбыз, доцент Октай Өзгүлгө федерациянын медалын жана ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Түрк мамлекеттеринин уюму-Түрк университеттер биримдигинин I салттуу спорт оюндарынын жыйынтыктоочу аземи тарыхта унутулгус эстелик катары жазылып, түрк мамлекеттеринин ортосундагы спорт жана маданий карым-катнаштардын чыңалышына салым кошту.

Жыйынтыктоочу аземден соң Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин салттуу спорт оюндары майданында жирит жана көк-бөрү оюндарынын мелдештери өткөрүлдү.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CyYpHxMtq8E/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Haberin Videosu: 

https://youtu.be/tzC6OK7iScw?si=F5SPe4sQZYKcvgGg

    Социалдык медиада бөлүшүү