“Манас” университетинин 2023-2024 - окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү


  • 2023-10-18

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 2023-2024-окуу жылынын ачылыш аземи чоң салтанат менен өттү.

Ачылыш аземине Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин Билим берүү кеңешчиси Күршат Дилкадир, Азербайжандын Кыргыз Республикасындагы элчиси Латиф Гандилов, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Казакстан Республикасынын жана Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчиликтеринин өкүлдөрү, ТИКАнын Кыргызстандагы координатору Мехмет Бодур, Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасынын башкы дарыгери Илкер Айрык, “Маариф” билим берүү комплексинин директору Хүснү Биржан, түрк дүйнөсүнүн залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова, ATV телеканалынын техникалык менеджери Харун Урганжы, ТРТ телеканалынын жаңылыктар координатору Зихни Огуз Акын, “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, экономика илимдеринин кандидаты Бактыгүл Каламбекова, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, проректор, доцент Камалбек Карымшаков, университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Алгач эки өлкөнүн гимндери жаңырып, “Манас” университетин таанытуу тасмасы, андан соң дүйнөнүн булуң-бурчунда иштеген окуу жайыбыздын бүтүрүүчүлөрү жөнөткөн видеолор көрсөтүлдү.

Достук жана кызматташуунун эң сонун үлгүсү: “Манас” университети

“Манас” университетинин биринчи проректору, экономика илимдеринин кандидаты Бактыгүл Каламбекова ачылыш сөзүндө мындай деди: “Бүгүн “Манас” университетинин бир мүчөсү катары жаңы окуу жылынын ачылышына кубанычта болуп турабыз. Достук менен кызматташтыктын мыкты үлгүсү болуп калган “Манас” университетинде үзүрлүү иштеп, кеңири алкакка жайылышына салым кошкон мамлекеттик, коомдук жана билим берүү тармагынын баардык өкүлдөрүнө, азыр эмгектенип жаткан адамдардын баарына ыраазычылык билдирип, куттуктайм”-деди. Сөзүн жыйынтыктап жатып “Манас” университетинин билим сапатына байланышкан маалыматтар менен бөлүштү.

Максат - Алдыга карай!

“Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан ачылыш сөзүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бекем боордоштук байланыштарга университеттин кошкон салымын баса белгиледи. Ошондой эле университеттин эл аралык рейтингдерде жогору көтөрүлүү максаты менен бөлүштү.

Ректор Жейлан “Манас” университетинин тил билими боюнча иш-аракеттери «дүйнөдөгү эң мыкты 300 университеттин» катарына киргенин белгилеп, «Кыргыз-түрк тилдерин эң жакшы окуткан мекеме, албетте, “Манас” университети»,- деди.

Университеттин студентке багытталган мамилесин баса белгилеген ректор Жейлан, жатакана жана кафетерия шарттары жакшыртылып, студенттердин коомдук активдүүлүгүн жана жашоо мейкиндигин өнүктүрүү үчүн аракеттер көрүлүп жатканын билдирди. Ошондой эле илимий изилдөөлөрдүн маанилүүлүгүнө токтолуп, бардык профессордук-окутуучулар курамды жана студенттерди долбоор иштерине активдүү катышууга чакырды.

“Манас” университети Борбор Азияда эң көп лабораториясы бар университет экенин баса белгилеген ректор Жейлан студенттерге кайрылып, «Жаштар биздин келечегибиз. Өтмүштүн даңкын сактай турган сиздерсиздер. Университеттин миссиясына ылайык билим алып, мекенге, улутка, адамзатка сүйүү жана баалуулук кошуп жатасыздар,"-деди. Сөзүнүн аягында 2023-2024-окуу жылынын ийгиликтүү болушун каалады.

Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматованын ачык сабагы

2023-2024-окуу жылынын ачылыш аземинин унутулгус  ачык сабагын түрк дүйнөсүнүн залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова “Айтматов жана баштан өткөн окуялар” деген темада ѳттү. Ачык сабакта өтмүштө болгон маанилүү окуяларга байланыштуу кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү.

Роза Айтматова: “Төрөкул Айтматовго тийиштүү архивдик материалдарды окуганымда атамдын жана агамдын тагдыры бири-бири менен байланыштуу болгонун билдим. Атасы негиздеп кеткенди кийин уулу өркүндөтүп, өстүрдү,”-деп Айтматовдордун үй-бүлөсүндөгү трагедияга токтолду.

Коомдук ишмер баяндамасында “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде сабактардын кыргыз жана түрк тилдеринде өтүлгөнү студенттер үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин баса белгиледи. Ачык сабакты жыйынтыктап жатып жаңы окуу жылында студенттерге ийгилик каалап, ыраазычылык билдирди.

Салтанаттуу азем өзгөчө атмосферада уланып, сахнага ректор, биринчи проректор жана проректорлор чыгышып, салтанатка катышып, жаштарга өтмүшкө байланыштуу кызыктуу, маанилүү сабак бергендиги үчүн Роза Айтматовага гүл жана белектерди тапшырышты.

Ачык сабактан кийин сахнага элдик күүлөр коштоосунда түрк дүйнөсүнүн маанилүү ысымдарынан Ирфан Гүрдал чыгып, мукам жана муңдуу элдик ырларын ырдады.

Салтанаттын соңунда ректор Жейлан “Манас” үй-бүлөсүнүн мүчөсү Токтобүбүгө жана анын үй-бүлөсүнө гүл тапшыруу менен бул маңыздуу күндү түбөлүккө калтырды.

“Манас” университети 2023-2024-окуу жылын чоң үмүт менен баштап, студенттер, профессордук-окутуучулук курам жана коноктор жаңы окуу жылына толкундануу менен кадам таштоо кубанычын бөлүшүштү.

Унутулгус салтанат эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Cyft77oNF5k/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Haberin Videosu: 

https://youtu.be/Zq_g1kD9Rvg?feature=shared

    Социалдык медиада бөлүшүү