Орхун алмашуу программасынын студенттери менен таанышуу жолугушуусу болуп өттү


  • 2023-10-24

2023-жылдын 23-октябрында "Манас" университетинин ректорлук жыйындар залында Орхун алмашуу программасынын студенттери менен таанышуу жолугушуусу болуп өттү.

Орхун алмашуу программасынын студенттери менен жакындан таанышуу, аларга КТМУ тууралуу маалымат берүү максатында өткөрүлгөн жолугушууга университетибиздин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, башкы катчы, доцент Октай Өзгүл, тышкы байланыштар координатору, профессор Кемал Полат жана Орхун алмашуу программасынын студенттери катышышты.

Казакстандын Нур-Мубарак университетинен,  Хожа Ахмед Ясави атындагы Эл аралык Казак-Түрк университетинен, Түркиядан Измир Эге университетинен, Эрзурум Ататүрк университетинен жана Алания Алааддин Кейкубат университетинен келген студенттер университетте билим берүүнүн сапаты алар күткөндөн алда канча жогору экенин, сабактар эффективдүү өткөнүн, профессордук-окутуучулук курамы студенттерге багыт берип, колдоо көрсөтүүгө чын дилден кызыкдар экендигин айтышты. Ошондой эле кампустун кооздугуна таң калышып, Түркиянын көптөгөн университеттеринде мындай кампус жок экенин билдиришти.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан студенттердин университет тууралуу пикирлерин угуп жатып мындай деди: “Биздин университетибиз студенттерге багытталган.  Дүйнөнүн алдыңкы 1000 университетинин катарындабыз, бирок биздин максатыбыз – алдыңкы 500 университеттин катарына кирүү. Ишке-ашырылып жаткан долбоорлордун, жаңылануулардын студенттерибизге пайдалуу  болушуна кам көрүп жатабыз.”

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан “Манас” университети сунуштарга, ой-пикирлерге ар дайым ачык экенин билдирип, студенттерге семестрди ийгиликтүү өткөрүү үчүн колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Орхун алмашуу программасынын алкагында уюштурулган студенттик сапардан кийин эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктаган жолугушуу абдан жемиштүү болду. Жолугушуудан кийин тышкы байланыштарды координациялоо кеңсеси тарабынан Ата-Бейитке саякат уюштурулду.

Тышкы байланыштар координатору, профессор Кемал Полат студенттерге кайрылуусунда убакытты туура пайдаланып, Кыргызстандын маданияты менен жакындан таанышууну сунуштады. Айрыкча алардын каада-салттарын, үрп-адаттарын үйрөнүүнү айтып, бул тажрыйба алардын инсандык өнүгүүсүнө чоң салым кошорун белгиледи.

Жолугушууга катышкан студенттер ректор, профессор Алпаслан Жейланга жана сапарды уюштурган тышкы байланыштар координатору, профессор Кемал Полатка ыраазычылыктарын билдиришип, бул тажрыйба алар үчүн кругозорду кеңейтип, мотивацияны жогорулатканын баса белгилешти.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CyxjkQot6wC/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү