“Манас” университетинде “Исламда Ханафий – Матуриди акыйдасы” темасында панелдик талкуу өткөрүлдү


  • 2023-10-25

Үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин К. Тыныстанов жыйындар залында теология факультети тарабынан “Исламда Ханафий – Матуриди акыйдасы” аталышындагы панелдик талкуу өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, теология факультетинин деканы, профессор Хасан Айык, декан жардамчысы, доцент Бакыт Мурзараимов,  диндерди таануу бөлүмүнүн бөлүм башчысы, профессор Кемал Полат, теология факультетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышышты.

Алгач боордош эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырып,  теология факультетинин таанытуу тасмасы көрсөтүлдү.

Иш-чаранын ачылыш сөзүндө теология факультетинин деканы, профессор Хасан Айык: “Исламдын мыйзамдарын жана  коомчулуктардын үрп-адаттарын шарияттын булагы катары кабыл алган Ханафий жана Матуриди түшүнүктөрүн баяндаган имам Матуриди жана анын хазретлери Орто Азияда туулуп-өсүшүп, ошол жердеги коомчулуктун маданиятынын өкүлдөрү менен байланышкан адамдар. Бул коомчулуктун маданиятын эске алып, ислам түшүнүгүн өнүктүрүшкөн. Бул түшүнүктү таануу, билүү, талкуулоо, Ханафий-Матуриди акыйдасын түрдүү багыттар менен таанытуу максатында чогулуп отурабыз. Себеби бул бүтүн түрк дүйнөсүнүн өтмүшүнө, келечегине, каада-салтына ылайык келген Ханафий-Матуриди акыйдасы болуп эсептелет”,-деди.

Теология факультетинин деканы, профессор Хасан Айык өз сөзүндө алдыда бул акыйданы дагы терең түшүндүрүү максатында симпозиумдар, семинарлар өткөрүлөрүн билдирди.

“Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан теология факультетинин университеттин жетишкендиктерине, ийгиликтерине кошкон салымын баса белгилеп, алдыда дагы көптөгөн иш-аракеттер бирге аткарыла тургандыгын билдирди. Өз сөзүндө ректор, профессор Алпаслан Жейлан теология факультетинин окутуучулары менен айылдарда агартуу иштери жүргүзүлүп жатканын айтып, бул иш-аракеттер үчүн сыймыктанарын билдирди.

Панелдик талкууну диндерди таануу бөлүмүнүн бөлүм башчысы, профессор Кемал Полат алып барып, аталган иш-чара социалдык жоопкерчилик долбоор экенин айтты. Өз сөзүндө түрк элдеринин Исламга чоң салым кошконун, алардын бири - Ханафий-Матуриди акыйдасы экенин билдирди.

Панелдик талкууда баяндамачылар: профессор Бекир Татлы, ага окутуучу, доцент Наиль Карагөз, ага окутуучу, доц.м.а Айтмамат Кариев, доцент Айтмырза Сатывалдиев “Ханафий – Матуриди хадис түшүнүгү”, “Ханафий – Матуриди пикиринин өнүгүүдөгү ачык багыттары”, “Ханафий – Матуриди фикх түшүнүгү” жана  “Ханафий – Матуриди пикир түшүнүгү” темаларынын алкагында баяндамалар жасашты.

Иш-чаранын соңу панелдик талкуунун катышуучуларына сертификаттар тапшырылып, эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Cy2dQqBNFFg/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү