АТА ЖУРТТА 100 ЖЫЛДЫКТЫН КУБАНЫЧЫ


  • 2023-10-28

Кыргыз-Түрк “Манас” университети 29-октябрь Түркиянын Республика майрамын чоң салтанат менен белгиледи. 2023-жылдын 27-октябрында университеттин конгресс жана маданият борборунда өткөрүлгөн “29-октябрь Түркиянын Республика майрамы" 100 жылдыктын урматына концерт унутулгус көз ирмемдер менен коштолду.

Бул унутулгус концертке Азербайжандын Кыргыз Республикасындагы элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Кыргызстандагы өкүлү Мехмет Давулжу, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, проректорлор профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, университеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамы, мекеме-уюмдардын жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана студенттер катышышты.

Салтанаттуу иш-чара эки өлкөнүн гимндерин аткаруу менен башталып, андан соң Республика жөнүндө даректүү тасма көрсөтүлдү.

Программанын эң таасирдүү бөлүгү болгон Түркиянын 100 жылдык тарыхындагы маанилүү учурлар чагылдырылган  “100 жылда Түркия” аттуу инфографика көрүүчүлөрдүн назарына коюлду.

Түрк боордошторго терең урмат

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, э.и.к Бактыгүл Каламбекова: “Түркиянын арышы кенен, түбөлүгү бекем, келечеги жаркын, ийгилиги арбын болсун! Боордош Түркия Республикасынын 100 жылдык тарыхы ыргалдуу жана теңтайлаш өнүгүүнүн, эгемендүүлүктүн жана демократиянын үлгүсүн көрсөтүп турат. Бул маанилүү күндө түрк дүйнөсү менен бирге болуу кубанычын сезүү бизди сыймыктандырат. Түбөлүктүү болсун! Кут болсун жүз жылдыгыңар!”-деди. Куттуктоо сөзүндө: “Мындай улуу окуяга күбө болгон түрк боордошторумду, жалпыңыздарды көңүлдөн куттуктайм!”

Иш-чаранын ачылыш сөзүндө сезимдери менен бөлүшкөн КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан алгач Республика күнү майрамынын 100 жылдыгы менен куттуктап, мындай деп улантты: “Бүгүн Түркия Республикасынын 100 жылдыгын белгилөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон бул маанилүү күндө сиздер менен бирге болгонума абдан сыймыктанып, толкунданып жатам. 100 жыл мурда Гази Мустафа Кемал Ататүрк жана анын куралдаш жолдошторунун жетекчилигинде башталган эгемендүүлүк үчүн күрөш улутубуздун чечкиндүүлүгү жана туруктуулугунун аркасында жеңиш менен аяктап, Түркия Республикасынын пайдубалы ушул улуу жеңиш менен түптөлгөн. Түркияда ай-жылдыз жаркырап турганда Борбор Азиядагы боордошторубуз үмүт кылып, бул үмүт гүлдөп, чынарга айланды”.

Ректор Жейлан: “Түркия Республикасынын азыр дүйнөнүн эң күчтүү армиясына, эң күчтүү экономикалык абалга жана эң күчтүү деңиз флотуна ээ болгон өлкөлөрдүн бири экенин билебиз. Жашасын Түркия Республикасы!”-деген сөздөрү менен Түркия Республикасынын күчтүүлүгүн баса белгиледи.

Профессордук-окутуучулук курамга кайрылып, “Республикабыздын 100 жылдыгы – бул жөн гана дата эмес, биздин келечекке болгон бекем ишенимибиздин да мааракеси. Биздин жаштар республикабыздын кепилдиги. Ошондуктан илимдин, даанышмандыктын жана эркиндиктин духун кучагына алып, Түркияны жана түрк мамлекеттерин жаркын келечекке алып баруу үчүн сиздердей жарыктарга муктажбыз,”-деди.

Түрк дүйнөсүнүн биримдиги жана келечекке мурас

“Бириккен жүрөктөрдүн, бирге турган денелердин жана бирдиктүү Түрк дүйнөсүнүн учуру экенин билүү керек. Биздин ичибиздеги көңүл жана акыл биримдигин сактоого мезгил келип жетти. Биздин милдетибиз Республиканы түбөлүктүү сактап калуу. Урматтуу жаштар, кымбаттуу студенттер, сиздер республиканы түбөлүккө сактай турган муунсуздар. Ата-бабаларыбыздан калган баалуулуктарды кийинки муундарга өткөрүп бере турган өтө баалуу муунсуздар. Мекенге, улутка болгон сүйүүңөр, руханий дүйнөңөр, кулк-мүнөзүңөр менен келечекке из калтырасыңар деп ишенебиз. Жашасын, Түркия Республикасы!”-деп сөзүн жыйынтыктады.

Иш-чарада студенттер тарабынан көркөм окулган  “Бул мекен кимдики?” жана “Желек” ырлары конокторго эмоциялуу көз ирмемдерди тартуулады.

“Түрк дүйнөсү” оркестринин концерти көрүүчүлөргө унутулгус көз ирмемдерди тартуулады. Түрк дүйнөсүнүн маанилүү ысымдарынын бири Ирфан Гүрдал “Билге кагандын насыяты” аттуу элдик ыры менен түрк маданиятынын байлыгын жүрөккө жеткире аткарды.

Концертте Мустафа Кемал Ататүрктүн эң жакшы көргөн элдик ырлары жана “Толкуп жатты Карадеңиз” сыяктуу түрк дүйнөсүнө таанымал күүлөр жаңырды.

Концерттик программанын соңунда көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн студенттери тарабынан “Мекендин гимни” жана “100 жылдыктын гимни” хорлору залды толкундантты.

Теңир-Тоо жергесинде алгачкы жолу: 100 жылдыктын урматына шамана кармап жөө жүрүш өттү

 “29-октябрь Түркиянын Республика майрамы" 100 жылдыктын урматына коюлган концерттен соң шамана (факел) кармап жөө жүрүш өттү. Университеттеги "Республиканын 100-жылдыгы" жаңы көчөсүндө желектер жана факелдердин коштоосунда өткөн жөө жүрүш Республиканын 100 жылдыгын куттуктаган мекенге болгон сүйүү толгон жүрөктөрдүн шыктанып ырдаган гимндер менен уланды. Жөө жүрүштүн акыркы аялдамасы болгон "Оба" чай бакчасында эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырып, ачык асман алдында түрк дүйнөсүнүн желектери сыймыктануу менен желбиреди.

Ректор Жейлан жөө жүрүштө сүйлөгөн сөзүндө: "Түрк мамлекеттеринин уюму биримдикте болсо, бизди эч ким жок кыла албайт. Түркия Республикасы кылымдар бою жашасын!Жашасын биримдигибиз!"-деди жана "Бир бололу, ири бололу, жигердүү бололу!"- деген Хажы Бекташ Велинин насааты менен сөзүн аяктады.

Факел кармап жөө жүрүштө Азербайжандын Кыргыз Республикасындагы элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов мындай деди: “Бүгүн бүткүл түрк дүйнөсүнүн майрамы. Ататүрк айткандай, түрк эли акылман эл. Түркия чоң республика жана анын тегерегинде алты түрк мамлекети бар. Биз биримдикте болгонубузда бизди эч ким жыга албайт. Түркия Республикасынын 100 жылдыгы кут болсун!”

Теңир-Тоо жергесиндеги бул кереметтүү факел кармап жөө жүрүш биримдик, тилектештик жана өлкөгө болгон сүйүүнү эң сонун чагылдырды. Түрк элинин мекенине болгон шыктануусун жана сүйүүсүн сездирген эстен кеткис иш-чара болду.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

100 жылдыкты куттуктоо программасы:

https://www.youtube.com/live/FD5xfooQ1k8?feature=shared

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Cy7s31Nt_-d/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

https://www.instagram.com/p/Cy6XsqJN7WW/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Haberin Videosu:

https://youtu.be/-Q-kD9s5x_A?feature=shared

 

    Социалдык медиада бөлүшүү