Карабүк жана Стамбул коммерциялык университеттеринин ректорлорунун "Манас" университетине иш сапары


  • 2023-10-31

2023-жылдын 1-3-ноябрь күндөрү өткөрүлө турган III "Манас" форумуна Түркиядан баяндамачы катары  чакырылган Стамбул коммерциялык университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, доцент Исрафил Куралай, Стамбул коммерциялык университетинин проректору, профессор Абдулхамит Авшар менен бир катар жолугушууларды өткөрүү үчүн Бишкекке келген Карабүк университетинин ректору, профессор Фатих Кырышык 2023-жылдын 31-октябрында Кыргыз-Түрк "Манас" университетин зыярат кылышты. Ректор, профессор Алпаслан Жейландын кеңсесинде кабыл алынган коноктор алгач ата-бабалардын жеринде болуу кубанычын бөлүшүштү.

Зыяраттын жүрүшүндө “Манас” форумунун Борбор Азия, Түрк дүйнөсү жана Түрк дүйнөсү мамлекеттеринин уюму үчүн мааниси талкууланып, коноктор Түрк мамлекеттеринин уюму, Түрк Кеңеши Түрк университеттер биримдиги жана Орхун алмашуу программасы тууралуу да маалымат алышты. Жетекчилер жакын арада Орхун алмашуу программасына кайрыла тургандарын жана бул программанын жардамы менен түрк дүйнөсүнүн тамырын чындап ала тургандарын билдиришти. Ректор, профессор Жейлан Түрк университеттер биримдигинин мүчөсү жана Орхун алмашуу программасынын туруктуу аткаруучусу болгон “Манас” университетинин бардык тармакта башка университеттер менен кызматташууга ачык экенин баса белгилеп: “2021-жылдын 12-ноябры биз үчүн абдан баалуу дата, анткени бул датада Түрк мамлекеттеринин уюму кайрадан жаралган. Бул багытта биз, Кыргыз-Түрк “Манас” университети катары бардык университеттер менен байланыш түзүүгө жана бардык тармактарда, өзгөчө билим берүү тармагы баштаган бардык тармакта кызматташууга даярбыз,”-деп биримдикке чакырды.

Иш сапардын жүрүшүндө ректор, профессор Алпаслан Жейлан "Манас" университетинин инфраструктуралык иштерден баштап, билим берүү программаларына чейин көптөгөн тармактарда жасаган жаңычылдыктарына токтолуп, университеттин "Университеттен да артык" урааны менен коомго да пайда алып келерин баса белгиледи. Буга эң мыкты мисал болуп “Манас” университетинин студенти деп жарыяланган Токтобүбү тууралуу кыска даректүү тасма конокторго көрсөтүлдү.

Иш сапар эки тараптуу белек тапшыруу жана эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

Андан соң Стамбул коммерциялык университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, доцент Исрафил Куралай, Стамбул коммерциялык университетинин проректору, профессор Абдулхамит Авшар “Манас” радиосу менен “Манас” телеканалынын жаңы студияларында болушуп, маалымат алышты. Ошондой эле коноктор “Манас” телеканалынын мүдүрү, профессор Бүлент Намалга интервью беришти.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CzFnRpVoCzP/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү