Коммуникация факультетинде 2023-2024 - окуу жылынын ачылышы болду


  • 2023-11-01

2023-жылдын 2-октябрында коммуникация факультетинде жаңы 2023-2024 - окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарада коммуникация факультетинде соңку эки аралыгында аткарылган иштери жана жетишкендиктери, ошондой эле факультеттин окутуучулук курамын тааныштыруу, сектордун учурдагы талаптары тууралуу студенттерге маалымат берилди.

Иш-чарага КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, коммуникация факультетинин деканы, профессор Мехмет Сезаи Түрк, КРнын Жогорку Кеңешинин аппаратынын Коомчулук менен байланыш жана ММК менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жайыл Русланов, мугалимдер жана студенттер катышты.

Ачылыш аземи ага окутуучу Каныбек Өмүрбековдун «Арт-коммуникация. Илимий жана адабий чыгармаларда иллюстрациялар» аттуу көргөзмөсү жана азыктар жарманкеси менен коштолду. Жарманкеден түшкөн каражат Бишкектеги онкология ооруларына чалдыккан балдарга берилмекчи.

Иш-чара факультеттин таанытуу тасмасынын көрсөтүлүшү менен башталды. Андан соң факультеттин деканы Мехмет Сезаи Түрк 2021-2023-жылдар ичинде факультеттин жетишкендиктери тууралуу маалымат берди. Эки жыл аралыгында факультеттин студенттери жана окутуучулары жалпысынан 98 эл аралык сыйлык алышкан, ошондой эле Кыргызстан жана Түркиянын маанилүү медиа мекемелери менен кызматташуу тууралуу меморандумуна кол коюлган. Факультеттин имараты жана техникалык инфраструктурасы жаңыланган.

Андан кийинки сөз окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейланга ыйгарылды. Ректор өз сөзүндө университетибиз дүйнөнүн мыкты университеттеринин катарында орун алуусу үчүн бүтүндөй аракеттер жасалып жаткандыгын баса белгилеп, студенттерге каалоо тилектерин айтты. Ошондой эле КТМУда лаборатория жана техникалык каражаттардын жаңыланышына маани бергендигин, коммуникация факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн өз кесиптери боюнча жогорку кызматтарда иштеп жаткандыгына кубангандыгын баса белгиледи.

Коммуникация факультетинин бүтүрүүчүсү жана учурда КРнын Жогорку Кеңешинин аппаратынын Коомчулук менен байланыш жана ММК менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жайыл Русланов «Манас» университети бүтүрүүчүлөрү менен мамилесин үзбөгөн жалгыз университет экендигин жана окутуучулук курамы мыкты экендигин белгилеп, студенттерди практикага чакырды.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CzFmqnHoOia/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү