Бангладеште өткөн Asia Pacific Quality Network (APQN) академиялык конференциясында профессор Олгун Чичекке ардак грамота тапшырылды


  • 2023-11-06

2023-жылдын 2-4-ноябрь күндөрү Сапаттуу институттар, ЖОЖдор жана өкмөт өкүлдөрү Азия-Тынч океан сапат (APQN) Академиялык конференциясында жана жылдык жалпы чогулушунда сапатты камсыздоо жаатында иш алып баруу, жогорку билим берүүнүн сапатын камсыздоону талкуулоо жана өнүктүрүү максатында жолугушту.

Бангладештин борбору Дакка шаарындагы Эл аралык Америка Университети (AIUB) тарабынан уюштурулган конференцияда трансформациялык окуу-окутуунун теориясы, санариптик сапатты камсыздоо жана университет-өндүрүштүк байланыш сыяктуу маанилүү маселелер талкууланды. Салтка айлангандай конференция сапатты камсыздоо жаатында дүйнөнүн ар тарабынан келген эксперттерди чогулткан маанилүү аянтчаны түздү.

КТМУнун ректорунун кеңешчиси, профессор Олгун Чичек баяндамачы катары чакырылып, бул жааттагы билим жана тажрыйбалары менен бөлүштү. Профессор Олгун Чичек сапатты камсыздоо маселелерине байланышкан көз карашын айтып катышуучуларды шыктандырды.

Ошондой эле, бул престиждүү конференция APQNдин аймактык сапат тармагын түзүү миссиясына олуттуу салым кошту. Конференциянын соңунда баалуу маалыматтары үчүн профессор Олгун Чичекке ардак грамотасы жана ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CzVTX2uttjE/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү