“Манас” университетинин cтуденти Айдай Аскарова эл аралык кинофестивалда ийгилик жаратты


  • 2023-11-09

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Айдай Аскарова эл аралык кинофестивалда ийгилик жаратты.

2023-жылдын 12-16-сентябрь күндөрү Хорватияда өткөн эл аралык кинофестивалда (Four River Film Festival) Айдай Аскарованын “Оюм” тасмасы “Эң мыкты даректүү тасма” деп табылды.

Аталган фестивалга АКШ, Германия, Франция, Корея, Украина сыяктуу дүйнөнүн 15тен ашык өлкөсүнөн студенттер катышып, 31 тасма көрсөтүлдү.

Айдай Аскарова тарткан кыска метраждуу даректүү тасма Баткен облусунда килем токуу жөнүндө болуп, көчмөн элдин муундан-муунга өтүп келе жаткан байыркы өнөрү болгон килем токуунун руханий дүйнөсүн көрсөтүүнү максат кылып, бул өнөргө тийиштүү ишенимдер, ойлор, көчмөндөр кооздогон оймо-чиймелер, жалпысынан процесстин көркөмдүк жагы ачылып берилген.

Бул сыйлык студентибиз жараткан жалгыз ийгилик эмес. 2023-жылдын 6-20-август күндөрү Грециянын Иерапетра шаарында өткөн Даректүү тасмалардын X эл аралык фестивалында Айдай Аскарованын “Оюм” тасмасы калыстар тобунун атайын сыйлыгын алган жана “Мыкты кыска метраждуу даректүү тасма” номинациясында жеңишке жеткен.

Студентибиз Айдай Аскарованы көңүлүбүздөн куттуктап, мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз!

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CzaazxUN4vN/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү