“Манас” университети маалымдуулукту жогорулатууну улантууда


  • 2023-11-10

Университетибизде “Сүт безинин рагы жана аны өз алдынча текшерүү” деген темада семинар болуп өттү

2023-жылдын 9-ноябрында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректоратынын жыйындар залында Кыргыз-Түрк "Достук" мамлекеттик ооруканасынын башкы дарыгери жалпы хирургия боюнча адис, медицина илимдеринин доктору Илкер Акар “Сүт безинин рагы жана аны өз алдынча текшерүү” деген темада семинар өткөрдү.

Семинарда сүт безинин рагы тууралуу маалымат берген медицина илимдеринин доктору Илкер Акар сүт безинин рагы, тобокел факторлор жана аларды азайтуунун жолдорун, ошондой эле эрте диагноз коюунун маанилүүлүгү жөнүндө сөз кылды. Ошондой эле сүт безин өз алдынча текшерүүнү кантип жүргүзүү керек жана маммографиядан качан өтүү керектигине да токтолду.

Иш-чарага Кыргыз-Түрк "Достук" мамлекеттик ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары, профессор Мира Исаева, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, башкы катчы, доцент Октай Өзгүл, "Шейит Эрен Бүлбүл” атындагы ден соолук борборунун кызматкерлери, окутуучулар, административдик кызматкерлер жана студенттер катышты.

Семинардын башында медицина илимдеринин доктору Илкер Акардын медицина чөйрөсүндөгү карьерасына байланышкан кыска маалыматтар берилди.

20 жаштан кийин бардык айымдарга сүт безин өз алдынча текшерүүнү үйрөтүү керектиги тууралуу айтып берген медицина илимдеринин доктору Илкер Акар тобокел факторлор жөнүндө да маалымат берүү менен айына бир жолу сүт безин текшертүү керектигин сунуштады. Семинарда сөз сүйлөгөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан ден-соолуктун маанилүүлүгүнө көңүл буруп, Кыргыз-Түрк "Достук" мамлекеттик ооруканасынын университетибизге колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

“Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан семинардын абдан пайдалуу болгонун белгилеп, медицина илимдеринин доктору Илкер Акарды куттуктады жана иш графигинин тыгыздыгына карабай окуу жайыбызга келип бул маанилүү темада маалымдуулукту жогорулатканы үчүн ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Иш-чара медицина илимдеринин доктору Илкер Акардын катышуучулардын суроолоруна жооп бергени менен ийгиликтүү жыйынтыкталды.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CzbZX61NUlf/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү