Түркия Республикасынын негиздѳѳчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнѳдѳн кайткандыгына 85 жыл


  • 2023-11-12

10-ноябрь - Түркия Республикасынын негиздѳѳчүсү жана биринчи президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнѳдѳн кайткан күнү. Буга байланыштуу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Ататүрктүн дүйнөдөн ѳткѳнүнүн 85 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чара эртең менен Бишкектеги «Ататүрк» атындагы эс алуу паркында Мустафа Кемал Ататүрктүн эстелигинин астына гүл коюу менен башталган.
Андан соң иш-чара университте улантылып, ага окуу жайдын жетекчилери, академиялык жана административдик кызматкердери жана студенттер катышты.
Жыйын эки өлкөнүн улуттук гимндери жана Мустафа Кемал Ататүрктү 1 мүнөттүк эскерүү менен башталды. Андан кийин Ататүрк жѳнүндѳ даректүү тасма кѳрсѳтүлдү.
Иш-чаранын ачылыш сөзүндө окуу жайдын биринчи проректору, э.и.к Бактыгүл Каламбекова Ататүрк Түркиянын эле эмес, адамзаттын тарыхында из калтырган таасирдүү, кѳрѳгѳч, кеменгер лидер болгондугун баса белгиледи: - “Бүгүн биз боордош түрк элинин тунгуч президенти жана негиздөөчүсү, эл аралык сурамжылоо менен баалоонун жыйынтыгында 20-кылымдын лидери аталган Мустафа Кемал Ататүркун дүйнөдөн  кайтканынын 85 жылдыгына туш келип олтурабыз. Ал эми биз кечээ белгилеген Түркия Республикасынын 100 жылдыгына бүгүнкү кече утурлай өтүп жатат. Биз Ататүрктү түздөн-түз көрүп тааный алган жокпуз, бирок аны тааныгандар менен чогуу жашап анын эрдигин, кылган эмгегин тарых барактарынан окудук. Түрк мамлекетин оор мезгилдерде бириктирип, мамлекет катары өнүгүп-өсүүсүнө салым кошконун баалайбыз. Азыркы биз тааныган Түркия дүркүрөп өскөн экономикасы  маданияты, заманбап кадрлары менен дүйнөлүк аренада татыктуу орун ээлеп келатат. Дүйнөлүк маселелерге сунуш киргизип, маселенин себеби болбой ага чечим издеген мамлекет катары таанылды. Бул бизди боордош түрк элдери катары сыймыктандырат.Түрк мамлекетинин түбөлүгү бекем болсун. Кыргызтан менен Түркиянын ортосундагы достук түбѳлүктүү болсун”, - деген тилегин билдирди.
Андан  кийин университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан сөз сүйлөдү: “Мустафа Кемал Ататүрктүн көзү өтсө да, анын идеялары түрк улутунун жолун жарыктандырууда жана түрк улуту жаңыдан түзүлгөн республиканын куттуу жолунда алга жылышын улантууда. Жакында эле Түркия Республикасынын 100 жылдыгын белгиледик. Бул 100 жылдык дагы  көптөгөн 100 жылдарга мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүнө ишенебиз. Түркия менен түрк тилдүү элдердин чек аралары Анадолу аймагы менен эле чектелип калбайт, ал Кытайдан Азияга чейин 12 миллион чарчы километр аймакты ээлейт жана түрк элинин саны бүгүнкү күндө 300 миллионго жетти. Ататүрктүн мурастары сансыз, алардын эң негизгиси Түркиянын мамлекетинин тарыхын негиздегени жана тарыхый аң-сезимди түзгөндүгүндө. Бир нече күн мурун урматтуу президентибиз Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө өткөн түрк тилдүү элдердин эл аралык тил форумунда түрк тилдеринин жалпылыктарын изилдөө, орток баарлашуу тилин жана орток алфавит түзүү сыяктуу маселелер талкууланды. Бул айтылган сөздөр мунун канчалык баалуу экенин көрсөтүп турат.
Ошондой эле Ататүрк кѳргѳчтүгү менен СССРдин кулашын жана Теңир тоодогу байыркы кандаш туугандарыбыз менен бирге болоорубузду алдын ала кѳрѳ билген жана ал ѳлкѳнү илимдүү, билимдүү адамдар башкарышы керек деп илим жана билимге, тилге жана тарыхка ѳзгѳчѳ кѳңүл бурган”, - деп айтып келип, “кыргыз жана түрк бир тууган элинин ортосунда курулган Кыргыз-Түрк “Манас” университети Түрк дүйнѳсүнүн келечегине татыктуу кызмат кылып келе жатат жана ал Кыргызстанда жогорку окуу жайлар арасында лидер болуп калды. Биз мындан ары да чоң бийиктиктерди багынтышыбыз керек. АтатУрктУн айткан керээзи менен калтырган мурасын сактоо биздин милдетибиз”, - деди ректор. 
Ачылыш сѳздѳрүнѳн кийин иш-чара “Ар кыл аспектте Ататүрк” деген аталыштагы жыйын менен уланды. Жыйында профессор Режаи Доган модераторлук кылды жана профессор Мехмет Сезаи Түрк “Басма сѳздѳ Ататүрк”, профессор Чагатай Акенгин “Ататүрктүн кѳркѳм ѳнѳр жѳнүндѳгү ойлору”, доц.м.а. Роза Абдыкулова “Капитан, мамлекеттик  ишмер жана ойчул катары Ататүрк” деген темада баяндама жасашты.
Жыйындын соңунда баяндамачыларга ыраазычылык сертификаты тапшырылды.

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Czdvb-yNM4z/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/Czd_isxtrin/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Video:

https://youtu.be/2Lanj_j1gtc

    Социалдык медиада бөлүшүү