Түрк киносунун султаны Түркан Шорай Бишкек эл аралык кинофестивалынын ардактуу коногу


  • 2023-11-20

2023-жылдын 17-ноябрь күнү борбор калаабыз Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында биринчи Бишкек эл аралык кинофестивалынын расмий ачылышы болуп өттү.

Түрк дүйнөсүнүн залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арналган эл аралык кинофестивалдын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатынын министри Алтынбек Максүтов, Испания, Россия, Швецария, Германия, Шри Ланка, Ливия, Болгария, Өзбекстан, Түркия ж.б. өлкөлөрдүн кино жаатындагы өкүлдөрү жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилиги катышты.

Алгачкы жолу өткөрүлүп жаткан эл аралык ири фестивалдын ардактуу коногу залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” повести боюнча Түркияда тартылган “Кызыл жоолук жалжалым” тасмасында баш каармандын ролун ойногон актриса, түрк киносунун султаны Түркан Шорай болду.

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин салымы, ошондой эле Түркия Республикасынын Бишкек элчилиги, ТИКА, Юнус Эмре институту жана “Йерли Дүшүнже” коомунун колдоолору менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу кинематография департаменти жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен кызматташуунун алкагында өткөрүлгөн кинофестиваль кино тармагындагы өкүлдөрдү жолуктурду.

Фестиваль кино дүйнөсүнүн өкүлдөрүн жолуктуруу менен маданий байланышты бекемдөөнү улантып, айрыкча Түркан Шорайдын катышуусу менен өзгөчө мааниге ээ болду. Түркан Шорай “Кызыл жоолук жалжалым” тасмасын эл аралык аренада таанытканы үчүн сыймыктанды.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CzwhW_zN7bR/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү