Студенттер «Рафадан Тайфа» анимациялык тасмасынын продюсери жана режиссеру Исмаил Фидан менен жолугушту


  • 2023-11-17

2023-жылдын 17-ноябрынан 22-ноябрына чейин өтө турган Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында 17-ноябрь күнү КТМУнун студенттери үчүн "Эл аралык мультипликация жана анимация" аттуу семинар болуп өттү.

Семинарды жаш балдар үчүн тартылган «Рафадан Тайфа» аталышындагы анимациялык тасманын продюсери жана режиссеру Исмаил Фидан өтүп, студенттерге «Рафадан Тайфа» анимациялык тасмасынын жаралыш идеясы, тарыхын жана фильмдин жаш балдардын аудиториясы үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү тил менен тартылгандыгы тууралуу баяндап берди. Ал анимациялык тасмаларды тартуу тармагы күндөн-күнгө өнүгүп жаткандыгын баса белгилеп, өзүнүн алгачкы эмгегин “Деңиз окуясы” деп аталган тасмадан баштаганын жана азыркы учурда бир катар анимациялык долбоорлордун үстүндө иштеп жатканын билдирди. Ошону менен бирге семинардын катышуучуларына анимациялык тасмаларды тартуунун артыкчылыктары менен кыйынчылыктарын айтып, бул тармакка кызыккан жаштарга тажрыйбасыз ийгиликке жетүү мүмкүн эмес экендигин эскертти.

Иш-чаранын ачылыш сѳзүндѳ университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан семинардын катышуучуларын кыргыз киносунун күнү менен куттуктап, кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган Бишкек эл аралык кино фестивалынын алкагында түрк кино жумалыгы ѳтүп жаткандыгын айтты. Ал Түркия бүгүнкү күндө дүйнөлүк рынокко сериал экспорт кылган АКШдан кийинки экинчи өлкө экенин жана Түркия дүйнөнүн булуң-бурчтарына экспорттолгон сериалдар жана фильмдер аркылуу маданиятын таанытууну улантууда деп, атайын “Манас” университетинин жаштарына тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн келген режиссер Исмайл Фиданга ыраазычылык билдирди.

Андан кийин окуу жайдын проректору, профессор Мехмет Сезаи Түрк режиссер Исмаил Фидандын талантына баа берип, анын ишмердүүлүгү тууралуу кыскача баяндады. Ал анимация тармагы бүгүнкү күндѳ заманбап тилде сүйлөөнү жашоону сунуштаган платформа болуп саналарын жана бул тармактын адистери “Манас” университетине келип, өзүлөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп жатканына кубанганын билдирди. Ошондой түрк тасмаларынын жумалыгынын алкагында бир апта бою университетте кыргыз жана түрк киночуларынан кызыктуу семинарлар жана мастер-класстар ѳткѳрүлѳ турганын айтты.

Семинардын соңунда суроо-жооп болуп, студенттер ѳздѳрүнүн кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.

Рафадан Тайфа - түрк анимациялык балдар телесериалы, тасмасынын режиссеру Исмаил Фидан, сценарийин Озан Чивит жазган. Сериал балдарга гана эмес, чоңдорго да арналган. Ал 1980-1990-жылдардагы түрк маданиятын чагылдыруу максаты менен 2012-жылы башталган. Алгачкы жолу 2014-жылы эфирге чыккан сериал Стамбулдагы алты баладан турган топтун жаңы нерсени үйрөнүшүн чагылдырат.

ММК жана коомчулук менен байланыш бѳлүмү

Haberin Fotoğrafları: 

https://www.instagram.com/p/CzwDvmbtSZu/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү