Туризм факультетинин студенттерине “Kyrgyz Concept” компаниясы тарабынан "Туруктуу туризм" темасында семинар өткөрүлдү


  • 2023-11-22

2023-жылдын 21-ноябрь күнү КТМУнун Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында туризм факультетинин студенттерине “Kyrgyz Concept” компаниясынын өкүлдөрү тарабынан "Туруктуу туризм" темасында семинар өткөрүлдү.

Семинардын катышуучулары Кыргызстандагы эң ири туристтик компания “Kyrgyz Concept” менен таанышып, туруктуу туризм түшүнүгү жана гид котормочунун ишмердүүлүгү тууралуу кенен маалыматка ээ болушту.
Семинардын ачылыш сөзүн сүйлөгөн "Манас" университетинин туризм факультетинин деканынын орун басары, доцент Гүнтекин Шимшек туруктуу туризм тууралуу студенттердин маалымдуулугун жогорулатуу үчүн окуу жайыбызга келген “Kyrgyz Concept” компаниясынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө компаниянын өкүлдөрү берген суроолорго студенттер активдүү жооп беришип, туруктуу туризм тууралуу пикирлери менен бөлүшүштү.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Cz8HLpKN754/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү