Ректор, профессор Алпаслан Жейлан Гейдар Алиевдин 100 жылдыгы жана ТүркПАнын түптөлүшүнүн 15 жылдыгына карата Бакуда өткөн конференцияга катышты


  • 2023-11-23

2023-жылдын 20-23-ноябрь күндөрү Азербайжандын борбору Гейдар Алиевдин 100 жылдыгы жана ТүркПАнын түптөлүшүнүн 15 жылдыгына карата Бакуда өткөн конференцияга катышты.

Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясы (ТүркПА) тарабынан өткөрүлгөн конференцияга Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасынын орун басары Бекир Боздаг, Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Гүнай Эфендиева, Эл аралык түрк академиясынын төрагасы Шахин Мустафаев, Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин азербайжандык аксакалы Хасан Хасанов, Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчынын орун басары Сайит Юсуф жана ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн парламентарийлери менен Кыргызс-Түрк “Манас” университетинин атынан ректор, профессор Алпаслан Жейлан жана ректордун кеңешчиси, профессор Серхат Бурмаоглу катышты.

ТүркПАнын башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Гейдар Алиевдин 100 жылдыгы Азербайжанда гана эмес, бүткүл түрк дүйнөсүндө чоң шыктануу менен белгиленип жатканын айтып,  Азербайжандын көз карандысыздыкка ээ болгондон кийинки убагындагы Алиевдин өнүктүрүү стратегиялары жана эмгектерине токтолду.

Мехмет Сүрейя Эр Алиевдин түрк мамлекеттери менен болгон карым-катнашын жана кызматташтыгын бекемдегенин белгилеп, “Гейдар Алиевдин түрк дүйнөсүнүн биримдиги, үчүн жасаган аракети жана демилгелери түрк дүйнөсүнүн аброюн жана таасирин эл аралык аренада арттырууда негизги роль ойноду,”-деди.

“Өткөндүн баалуулугун келечекке жеткирүү”

Конференцияда "Өткөндүн тажрыйбасы, учурдун чындыгы жана келечек үчүн күтүүлөр" отурумунда сөз сүйлөгөн “Манас” университетинин ректору, профессор  Алпаслан Жейлан түрк дүйнөсүнүн университети катары аталган иш-чарага катышканына кубанычта экендигин белгилеп, Түрк мамлекеттер уюмунун түзүлүшү менен көптөн күткөн кыялдардын орундала баштаганына көңүл бурду. Түрк мамлекеттер уюмунун жана ага тиешелүү мекемелердин өткөндүн баалуулугун келечек муунга өткөрүп берүүдөгү маанисин баса белгиледи.

Өз сөзүндө “Манас” университети тарабынан жүргүзүлүп жаткан “Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы” долбоору жана Орхун алмашуу программасы тууралуу мындай деп айтты: “Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы” долбоору өнүгүп жаткан дүйнөдө санариптешүүдөн алыс кетпей ишке ашырган бир долбоор болуп саналат. 2021-жылдын 21-майында башталган аталган долбоорго быйыл 3-жыл. Долбоордун жаңы семестри “Түрк кылымын көздөй кадам: Азербайжан жана улуу жол башчы” темасында Азербайжандын координациясында башталды. Азербайжандын илимпоздору, мамлекеттик ишмерлери жана чыгармачыл инсандары сабак берүүнү улантышууда,”-деди.

“Түрк дүйнөсүнүн келечеги”

Ректор, профессор Жейлан өз сөзүндө  долбоор тууралуу деталдуу маалымат берүү менен программадан билим алган жаштар түрк дүйнөсүнүн келечеги болоорун баса белгиледи. “Учурда биз 11 өнөктөш өлкөнүн 150 университет менен иш алып бара жатабыз. 10 миң студент бул программа боюнча курстардан ийгиликтүү өтүштү. Учурда 5418 студентибиз түрк дүйнөсүнүн санарип жарандык курсун алып жатышат. Бул программага 300дөн ашык илипоздор жана 1400дөн ашык ыктыярчылар катышканын кубануу менен айтам. Биздин максатыбыз - 200дөн ашуун университет жана 30 миңден ашуун студенттин бул курстан өтүшү,”-деди.

“28 өлкөдөн ишке ашырылган 275 протокол”

Ректор, профессор Жейлан баяндамасында Орхун алмашуу программасынан да сөз кылды. 2017-жылы пандемиядан кийин башталган программаны туруктуу ишке ашырган “Манас” университети билим берүү дипломатиясын колдонуу менен аталган программаны иштеп чыккан. Мунун алкагында түрдүү панелдер, симпозиумдар, форумдар уюштурулгандыгын да кошумчалаган ректор, профессор Жейлан 28 өлкөдөн 275 протоколду ишке ашырышкандарын айтты.

“Манас” университетинин QS World University Rankings рейтингиндеги ийгилигине токтолуп, “Манас” университетинин заманбап тилдерди окутуу боюнча дүйнөнүн алдыңкы 300 университетинин катарына киргендигин белгиледи. Ал ошондой эле кыргыз тилин санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан долбоордо 2 миллион сөздү активдештирип, колдонулганын билдирди.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Cz82NlPNr8k/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Manas TV Haberi:

https://youtu.be/fHKxHRCSgM8?si=2LnzWP2MWHUgR5xd

    Социалдык медиада бөлүшүү