“Манастын” сыймыгы Артыкбай Сүйүндүковго Бишкек эл аралык кинофестивалынан сыйлык


  • 2023-11-24

Үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрында Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Бишкек эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу жабылыш аземи өттү.

Түрк дүйнөсүнүн залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган кинофестивалдын алкагында улуттук жана эл аралык категориядагы сынакка катышкан бир катар кино тармагынын өкүлдөрү сыйланды.

Сыйлык тапшыруу аземинде КР Эл артисти, белгилүү кинорежиссер жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин радио телевидение  жана  киноискусство бөлүмүндө ага окутуучу катары эмгектенип келе жаткан Артыкбай Сүйүндүков режиссер Эмил Атагелдиевдин “Көл” тасмасындагы ролу үчүн "Мыкты актер" наамын алды.

“Манас” университетинин сыймыгы Артыкбай Сүйүндүковду куттуктап, дагы далай жетишкендиктерге жетип, ийгиликтерди жарата беришине тилектешпиз.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0CQfxPN8CU/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү