“Манас” университетиндеги көркөм “Мевлана жана мевлевизм” семинары: Мевлананын жарыгында


  • 2023-11-29

2023-жылдын 27-ноябрында “Манас” университетинин ректоратынын жыйындар залында Мевлананын дүйнөдөн кайткандыгынын 750 жылдыгына карата “Мевлана жана Мевлевизм” аттуу семинар болуп өттү.

М. Фатих Чытлак өткөн семинарга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, ректордун башкы кеңешчиси, профессор Режаи Доган, башкы катчы, доцент Октай Өзгүл, гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн доценти Незахат Жейлан, окутуучулар жана студенттер катышты.

Семинардын башында М. Фатих Чытлак тарабынан берилген Мевлана жана мевлевизм тууралуу маалыматтар катышуучуларга көркөм көрүнүш тартуулады. М.Фатих Чытлак суфий окуусу тууралуу кенен маалымат берип, көрүүчүлөргө чоң таасир калтырды.

М. Фатих Чытлак кудүмдүн суфизмдеги ордун түшүндүрүп: "Кудүм сөзүнүн мааниси улуулуктан келип чыккан. Өткөндөн азыркыга чейин созулган бул термин Мевлананын окууларында айтылгандай, адамдын ички саякатын билдирет. Кудүм өткөндүн мурасы жана бул мурас суфийлик тарбиянын негизин түзөт,”-деди. М. Фатих Чытлак катышуучуларга бул символдун тарыхын түшүндүрүп, аларга тарыхый жана руханий перспектива тартуулады.

Андан соң ааламдын жаралышы жөнүндө ой-пикирин бөлүшүп, мындай деп улантты: “Сыбызгы ичинде ааламдын обонун алып жүрөт. Адам сыбызгыны угуп, ааламдын терең сырларына карай сапарга аттанат. Сыбызгы ааламдын ичиндеги кемчиликсиз тартипти сүрөттөйт. Ошол себептүү биз ааламдын жаралышын сыбызгыдан угушубуз керек,”- деди.

Постнишин М. Фатих Чытлак иш-чаранын соңунда сахнага чыккан дервиштер жана алардын жаркыраган кийимдери тууралуу катышуучуларга маалымат берди. Ал Мевлананын таалиминин алкагында дервиштердин кыймылдары эмнени билдирерин катышуучуларга  түшүндүрдү. М.Ф.Чытлак өз сөзүндө: "Сема асман дегенди билдирбейт. Сема - Аллахтын сүйүүсүн жүрөгү менен уккандарга жана бир орунда отура албагандарга мен сага ыраазымын маанисин билдирет. Чындыгында, сема-угуу аракети.         

 Иш-чаранын соңунда тегерене бийлеген дервиштердин аткаруусу көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

Аталган өзгөчө иш-чара Мевлана түшүнүгүн жана мевлевизм салтын тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, катышуучулар бул таалимдин руханий тереңдигине жакындан күбө болуудан ырахат алышты.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0LOZnqoe8U/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C0LuY39tBp6/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү