Көркөм өнөр факультетинин студенттерине териден көркөм буюмдарды жасоону үйрөтүү боюнча мастер-класс өткөрүлдү


  • 2023-11-29

Үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында “Манас” университетинин көркөм өнөр факультети тарабынан “Териден көркөм буюмдары жасоо” аттуу семинар жана мастер-класс уюштурулду. Териден көркөм буюмдарды жасоону үйрөтүү боюнча мастер-классты Кыргыз Республикасынын аялдар конгрессинин ардактуу мүчөсү, көп кырдуу талант, зергер Сагын Дедиева өттү.

Өздүк өнөрканасында зергерчилик менен алектенип келген өз ишинин устасы Сагын Дедиева териден көркөм буюмдарды жасоодо эмнелерге көңүл буруу керектигин, материалдарды тандоодо эске алынышы керек болгон жагдайлар боюнча айтып берип, буларга токтолду: “Кыргыздар байыртадан булгаарыдан жасалган тиричилик буюмдарын кеңири колдонушкан. Учурда да аларга болгон кызыгуу чоң, айрыкча, чет өлкөлүктөрдү суктантып да, таңдантып да келет.”

Сөзүн жыйынтыктап жатып териден буюм жасаганга кызыккандарды өздүк өнөрканама чакырып, колдоомду көрсөтүп, жардам берерин кошумчалады.

Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, студенттер булгаары чебери Сагын Дедиева мастер-класска ала келген териден жасалган көркөм буюмдардын иштөө деталдарын  кызыгуу менен карашып, суроолоруна ынанымдуу жооп ала алышты.

Көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин таасирдүү жана маалыматка бай семинар студенттерге искусство дүйнөсүндө жаңы перспективаларды тартуулаганын белгилеп, Сагын Дедиевга ыраазычылык баракчасын тапшырды.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0MjVrtNdl2/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C0MkYYBtBJP/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү