“Манас” университетинде чет элдик студенттерибиз үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча семинар уюштурулду


  • 2023-11-30

2023-жылдын 29-ноябрында “Манас” университетинин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан чет элдик студенттерибиз үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алуунун жол-жобосу тууралуу семинар уюштурулду.

Семинардын жүрүшүндө "КРдин жарандарын милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам долбооруна ылайык, өлкөдө жашап жаткан бардык жаран милдеттүү түрдө медициналык жактан камсыздандыруу зарылчылыгы белгиленгенин, билим берүү уюмдарында окуп же иштеп жаткан чет өлкөлүк студенттер медициналык камсыздандыруу полисин алышы керектиги айтылды.

Иш-чарада КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрү медициналык камсыздандыруу алуунун жол-жобосу менен тааныштырышып, камсыздандыруу полиси берилген соң мамлекет тарабынан кепилденген медициналык кызмат көрсөтүүлөр акысыз жана жеңилдетилген медициналык жардам көрсөтүүнүн шарттары тууралуу кенен маалымат беришти.

Семинар катышуучулардын суроо-талаптарына жооп берүү менен соңуна чыкты.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0QW9jHonbI/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү