“Манас” университетинде Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү


  • 2023-12-02

Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан 2023-жылдын 1-декабрында түркмөн элинин улуу акыны Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган панел уюштурулду. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөрүлгөн “Махтумкули Фрагинин адамзатты руханий жана маданий баалуулуктарындагы орду” аттуу панелге кызыгуу чоң болду.

Иш-чарага Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Нуры Голлиев, Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари, Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев, Тажикстан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода, Өзбекстан Республикасынан Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, университет жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курам жана көптөгөн студенттер катышты.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан ачылыш сөзүндө Махтумкули Фрагинин түрк дүйнөсү үчүн ордуна токтолуп, мындай деп улантты: “Ар башка доорлордо жана жерлерде жашаса да, орток идеалдардын айланасында биригишкен бул алдыңкы ысымдар турмуштук тажрыйбаларын коомчулук менен бөлүшүү үчүн өлбөс-өчпөс чыгармаларды жаратышкан. Түркстанда Хожа Ахмет Йесеви жана Анадолуда Юнус Эмре деп белгилүү болгон бул орток рухтун аты Махтумкули Фраги.”

Махтумкули Фраги Түркмөнстандагы адабий байлык экенин белгилеген ректор, профессор Алпаслан Жейлан Фраги жашаган доордогу түркмөн элинин жашоосундагы көрүнүштөрдү бүгүнкү күнгө жеткиргенин баса белгиледи. Мындан тышкары Фрагинин түркмөндөрдүн жашоого болгон көз карашын чагылдырган баалуу чыгармаларды калтырганын белгилеген ректор Жейлан: Махтумкули Фраги бир жагынан салттуу түркмөн адабиятынын поэзиясынын түшүнүгүнө ылайык чыгармаларды жаратса, экинчи жагынан түркмөн биримдиги үчүн тайманбастык менен билдирүүлөрдү жасап, бул биримдик үчүн маанилүү кадамдарды жасаган,”-деди.

Иш-чаранын соңунда ректор, профессор Алпаслан Жейлан Махтумкули Фрагини ырайым жана урмат-сый менен эскерип: “Түрк дүйнөсү бүгүнкү күндө орток баалуулуктардын айланасында чогула алганы үчүн Махтумкули Фрагинин сыяктуу улуу түрк ойчулдарына карыздар,”-деп сөзүн жыйынтыктады.

Андан соң сөз сүйлөө үчүн Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Нуры Голлиев сахнага чыгып, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга меймандостугу жана Махтумкули Фрагинин тууралуу пикири үчүн ыраазычылык билдирип, ар бир элдин тарыхына баа жеткис салым кошкон маанилүү инсандарды эскерүү мүмкүнчүлүгүнүн маанисине токтолду. Элчи Голлиев түркмөн адабий тилинин негиздөөчүсү деп саналган улуу ойчулдардын этностук биримдиктин калыптанышында жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга байланыштуу жетишкендиктеринде чоң роль ойногондугун билдирди. Ошондой эле түркмөн мектептеринин негизин түзгөн акындардын, айрыкча Махтумкули Фрагинин бийик адеп-ахлактык пикирлерин, дүйнө таанымын, идеалдарын камтыган чыгармалары өсүп келе жаткан муунду шыктандырган булак экенин баса белгиледи.

Элчи Нуры Голлиев Фрагинин кол жазмалар жыйнагына көңүл буруп, бул эмгектер дүйнөлүк адабияттын ролун жана маанисин эл аралык деңгээлде таанылышынын көрсөткүчү экенин белгиледи.

Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залынын фойесинде “Түркмөнстандын маданий баалуулуктары жана Фрагинин эмгектери” аттуу көргөзмө менен башталган программада катышуучулар Түркмөнстандын маданий байлыктарын жана Махтумкули Фрагинин эмгектери менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Көргөзмөдөн соң ачылыш сөздөрү орун алды. Андан соң иш-чара панел менен уланды. Баяндамачылар “Махтумкули Фрагинин поэтикалык дүйнөсү”, “Махтумкули Фрагинин адабий көз караштары”, “Махтумкулинин чыгармаларындагы каймана маанидеги сөздөрдүн менталдык-лингвистикалык өзгөчөлүктөрү”, “Махтумкули Фрагинин мекенчил көз караштары” темаларынын алкагында кеңири талкуу кылышты. Панелдин соңунда университетибиздин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси менен бирге катышуучуларга ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Бул маңыздуу иш-чара маданияттар аралык байланыштарды чыңдоо жана Махтумкули Фрагинин мурасын кеңири аудиторияга таанытуу үчүн маанилүү кадам болду.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0Uas-mNMpD/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C0VrukfNFPJ/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Manas TV Haberi:

https://youtu.be/ld6eyDVhlt4?feature=shared

Manas TV Yayını:

https://youtu.be/TX-kG7ARluU?feature=shared

    Социалдык медиада бөлүшүү