“Манас” университети интернационалдаштырууда чоң ийгиликтерге жетишти


  • 2023-12-08

Дүйнө жүзүндө жогорку билим берүүдөгү болуп жаткан тез өзгөрүүлөрдүн жана өнүгүүлөрдүн баштоочусу катары алдыга чыккан “Манас” университети эл аралык аренада жогорку активдүүлүгү менен көңүл бурдурууда. Айрыкча акыркы жылдарда жүргүзүлгөн изилдөөлөр менен байма-бай   атын чыгарган  “Манас” университети студенттик жана академиялык профили менен дүйнөлүк аренада өзүн көрсөтүүнү улантууда.

Университетибиздин интернационалдаштыруу ишмердүүлүгүнө  байланыштуу акыркы өзгөрүүлөр төмөнкүлөр:

  • “Манас” университети корпоративдик маалыматтарды башкаруу жаатында  маанилүү кадам жасады. “Корпоративдик маалыматтарды башкарууну координациялоо боюнча буйрук” менен бардык маалыматтар бир борбордо топтолуп, улуттук жана эл аралык мекемелер менен бөлүшүү үчүн түзүлдү. Эксперттердин бири профессор Олгун Чичек координатор болуп дайындалды.
  • Туруктуулукка өзгөчо маани берген “Манас” университети  QS  алкагында экологиялык саясатты аныктоо максатында иш-аракеттерди жасап баштады. Туруктуу өнүгүү боюнча комиссия тарабынан экологиялык саясатка байланыштуу үч чечим кабыл алынды жана бул тармактагы изилдөөлөр тездетилди.
  • “Манас” университетинин  Туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык жасалган бардык изилдөөлөрү  "sdg.manas.edu.kg" веб сайтында топтоло баштады. Мындай ыкма менен университеттин туруктуу өнүгүү долбоорлорун оңой жетүү жана жетишкен ийгиликтердин маалымат каражаттарына кеңири жайылышы максат кылынды.
  • Эл аралык күчтүү тармакка ээ болгон “Манас” университети 12 түрдүү эл аралык университет менен эки тараптуу академиялык кызматташуу протоколуна кол коюу менен эл аралык кызматташууга чоң салым кошту.
  • “Манас” университети эл аралык мобилдүүлүк жаатында таасирдүү перфоманс көрсөттү. Орхун алмашуу программасы жана  ар түрдүү эки тараптуу кызматташтыктын алкагында 24 студент университетибизге келди, 32 студент “Манас” университетинен чет өлкөдөгү университеттерге кетишти. Ошол эле учурда эл аралык кызматташтыктын алкагында 3 окутуучу чет өлкөгө кетсе, 25 окутуучу “Манас” университетине келип академиялык жолун улантты.
  • “Манас” университети эл аралык иш-чараларга катышууда активдүүлүк көрсөтүп, дүйнө жүзүндө болуп жаткан өнүгүүлөргө жакындан байкоо жүргүзө баштады. Дүйнөлүк деңгээлдеги жетишкен ийгиликтери “Манас” университетинин интернационалдаштыруудагы чечкиндүүлүгүн жана таасирдүү көз карашын дагы бир жолу ортого койду.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

    Социалдык медиада бөлүшүү