ТКТРнын Президенти Татардан ректор Жейланга ыраазычылык баракчасы


  • 2023-12-08

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти, ошондой эле Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдигинин төрагасы Эрсин Татар Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдигинин жетекчилиги астында Түркиянын энергия өндүрүүчүлөр ассоциациясынын, ЭкоЕвразия фондунун жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биргелешип өткөрүлгөн “Эгемендүүлүктүн 32-жылында Кыргыз Республикасында энергетикалык инвестициялар жана кызматташтык” конференциясын уюштуруудагы мыкты жетишкендиктери үчүн ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Президент Эрсин Татар ыраазычылык баракчасын тапшыруу учурундагы билдирүүсүндө профессор Алпаслан Жейландын түрк дүйнөсүнө кошкон салымын баса белгилеп, энергетика тармагындагы бул маанилүү конференцияны уюштуруудагы лидерлиги жана мыкты жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирди.

Профессор Алпаслан Жейлан сыйлык тууралуу сезимдерин бөлүшүп жатып, энергетика тармагындагы өнүгүүлөрдү түрк дүйнөсүнүн кеңири көз караш менен кароонун маанисине токтолуп, мындай конференциялардын боордош жана дос өлкөлөр ортосундагы тилектештикти арттырууда чечүүчү роль ойноорун билдирди.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0mAVYNtrwS/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=ODhhZWM5NmIwOQ==

    Социалдык медиада бөлүшүү