“Аялдарга жана балдарга карата зомбулукка бөгөт коюу” темасында семинар өткөрүлдү


  • 2023-12-10

“Манас” университетинин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан “Аялдарга жана балдарга карата зомбулукка бөгөт коюу” темасында өткөрүлгөн семинар кызыгуу менен кабыл алынды. 2023-жылдын 7-декабрь күнү өткөрүлгөн иш-чара аялдарга карата зордук-зомбулукту алдын алууга жана жоюуга чакырган 16 күндүк акциянын негизинде уюштурулду.

Семинарда зомбулукка каршы кылмыш жаза кодекси, укук бузуулар жана кылмыш-жаза процессуалдык кодекстери жөнүндө маалымат берилди. Физикалык, психологиялык, экономикалык сыяктуу зомбулуктун түрлөрү тууралуу айтып берүү менен студенттердин маалымдуулугун жогорулаткан аталган семинар абдан пайдалуу болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө зомбулуктун түрлөрү чагылдырылган “Жалгыз кыз” аттуу кыска метраждуу тасма жана“Ак кеме”, “Акыркы сабак” тасмаларынан үзүндүлөр көрүүчүлөргө көрсөтүлдү. Бул тасмалар аркылуу коомдогу зордук-зомбулуктун ар кандай аспектилери жана кесепеттери ортого коюлду.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0pG_09t3yz/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=ODhhZWM5NmIwOQ==

    Социалдык медиада бөлүшүү