Түрк дүйнөсүнүн улуу даанышманы Чыңгыз Айтматов 95 жылдык мааракесинде “Манас университетинде” эскерилди


  • 2023-12-12

2023-жылдын 11-декабрында Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин филология факультети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата панелдик жыйын уюштурулду.

Бул маанилүү панелдик жыйында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, доцент Камалбек Карымшаков, ректордун башкы кеңешчиси, профессор Режаи Доган, гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык, бир нече окутуучулар жана студенттер катышты.

“Манас” университетинин филология бөлүмүнүн башчысы,  профессор Бурул Сагынбаева жетекчилик кылган панелдик жыйынга КРУИАнын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, профессор Абдылдажан Акматалиев, профессор Айнура Кыдырмамбетова, айтматов таануучу, профессор Лайли Үкүбаева жана КТМУнун филология факультетинин окутуучусу, профессор Османакун Ибраимов баштаган баяндамачылар катышты.

Гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык “Манас” университетинде Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн иш-чаралар абдан жемиштүү белгиленгенин айтып, Айтматовдун ар бир чыгармасында терең маанилер бар экенин билдирди. Декан, профессор Алпаслан Ашык жыйындын катышуучуларына кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирип, иш-чаралардын ийгиликтүү аякташын каалады. Мындан тышкары, Айтматовдун чыгармалары боюнча бул баалуу талкуулар студенттердин адабий табитин байытып, жаңы көз караштарды калыптандырууга умтулушса деген тилегин айтты.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, профессор Абдылдажан Акматалиев өз сөзүндө буларга токтолду: “Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен абдан тыгыз байланышта иш алып барып келе жатабыз. Мына, кечээ жакында эле сиздер менен биргеликте “Манас” эпосунун сюжеттик-тематикалык көрсөткүчү - I” китеп сериясын чогуу түзүп, жарыкка чыгардык,”-деп панелдик жыйынды уюштурууга көрсөткөн колдоосу үчүн “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирди.

“КТМУ жана Чыңгыз Айтматов”

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Манас” университети үчүн орду чоң экенин баса белгиледи. Айтматовдун чыгармачылыгына, пикирлерине жана адамзатка болгон сүйүүсүнө токтолгон ректор Жейлан анын калтырган мурасын келечек муундарга жеткирүү үчүн аракет кылып жатышканын билдирди.

Ректор Жейлан өз сөзүндө “маңкурташуу” түшүнүгүнө көңүл буруп, Айтматовдун маңкурт жана маңкуртташуу тууралуу жазгандарын айтып, бул темада элине, бүткүл адамзатка бир билдирүү жеткирүүнү максат кылганын белгилеп, студенттерге кайрылып мындай деди: “Өздүгүңүздү унутпаңыз, тилиңизди, ким экениңизди унутпаңыз!”

Ректор Жейлан катышуучуларга ыраазычылык билдирип, Айтматовдун мурасын сактап калуу жоопкерчилигин эскертип, сөзүн жыйынтыктады.

Панелдик жыйында Айтматовдун чыгармалары аркылуу түрк дүйнөсүнө калтырган терең издерине басым жасалып, жазуучунун адабий мурасы жана кошкон маданий салымы талкууланды. Жазуучунун чыгармалары аркылуу коомго берилген билдирүүлөр жана адамдык баалуулуктар тууралуу дагы сөз болду. Айтматов чыгармалары менен бир эле аймакка эмес, бүткүл дүйнөгө кайрылуу жасаганы баса белгиленди.

Иш-чаранын соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0uM52ltzJ5/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MjJkMmIyYzQxYw==

    Социалдык медиада бөлүшүү