“Айдын математикалык маселеси” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды


  • 2023-12-14

"Манас" университетинин табигый илимдер факультети тарабынан ай сайын уюштурулуп келген “Айдын математикалык маселеси” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылды.

Табигый илимдер факультетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттердин катышуусундө өткөн иш-чарада “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан сынактын жеңүүчүлөрүн куттуктап, аларга атайын сыйлыктар ыйгарды.

Айдын математикалык маселесин биринчилерден болуп туура чыгарган  табигый илимдер факультетинин математика бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Акылай Эрматова жана колдонмо математика жана информатика бөлүмүнүн  1-курсунун студенти Абдуллаев Бахтиёр сынактын жеңүүчүлөрү аталышты. Эки студент тең сынактын оор маселесин чыгарышып, ийгилик жаратышты.

Ар ай сайын өткөрүлгөн сынак студенттер арасында атаандаштык жаратуу менен бирге математикалык жөндөмүн өркүндөтүү жана окууга болгон кызыгуусун арттырууда мыкты аянтча катары кызмат кылууда.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C00oBHaNcml/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MjJkMmIyYzQxYw==

    Социалдык медиада бөлүшүү