“Манас” университетинин студенттери “Студенттик стартап” сынагында ийгиликке жетишти


  • 2023-12-25

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана бир катар министрликтердин өкүлдөрүнүн онлайн/оффлайн форматта катышуусунда өткөн кеңешмеде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу “Студенттик стартап” пилоттук программасын ишке ашырууну координациялоо боюнча кеңеш 8 стартап долбоорго каржылык колдоо көрсөтүү чечимин кабыл алды. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттеринин “Basi - KG” стартап-долбоору да жеңишке жеткен университеттердин катарына кирип, 556 миң 300 сом мамлекеттик каржылоо алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Сынакка жалпысынан 21 жогорку окуу жайдын жана 3 колледждин студенттеринен 158 билдирме келип түшкөн. Жыйынтыгында 8 стартап-долбоор финалга өткөн, алардын арасында КТМУнун студенттеринин энтомопатогендик козу карындын негизинде биоинсектицид өндүрүү технологиясын иштеп чыгуу боюнча “Basi - KG” стартап-долбоору да бар. Долбоор айыл чарба факультетинин өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнөн  профессор Тинатин Дөөлөткелдиеванын жетекчилигинде командасы менен бирге бул инновациялык долбоор олуттуу ийгиликтерге жетишти.

“Basi - KG” стартап-долбоору өсүмдүктөрдү коргоо магистратура программасынын студенти Элита Исмаилова, айыл чарба факультетинин өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери Айкөл Алтымышова, Адилет Жааншаев жана Аксаамай Улукбек кызы тарабынан ишке ашырылууда.

Студенттерибизди куттуктап, “Basi - KG” стартап-долбоорунун ишмердүүлүгүнө ийгилик каалайбыз!

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C1RqMzUNGDj/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MjJkMmIyYzQxYw==

    Социалдык медиада бөлүшүү