“Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы” долбоорунун алкагындагы онлайн сабактар уланууда


  • 2023-12-31

2023-жылдын 30-декабрында өткөрүлгөн “Түрк дүйнөсү студенттик жолугушууларынын” бул жумадагы коногу КТМУнун көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн окутуучусу Ирфан Гүрдал болду. Түрк дүйнөсүнүн түрдүү аймактарынан окутуучулар жана студенттердин катышуусунда онлайн түрдө уюштурулган иш-чара “Кыргызстан жана түрк маданиятындагы музыка” темасындагы семинары менен көңүлдөрдү бурду.

Окутуучу Ирфан Гүрдал түрк дүйнөсүнүн музыка маданиятында өзгөчө орду бар кыргыз музыкасы тууралуу деталдуу маалымат берди. “Манас” эпосу жана кыргыз музыкасынан чыгармалар жандуу аткарылган иш-чараны катышуучулар кызыгуу менен кабыл алышты.

Долбоордун алкагында уюштурулган онлайн иш-чаралар түрк дүйнөсүнүн бай маданий мурасы тууралуу маалымат жана тажрыйба алмашуу аркылуу жаштардын ортосунда көпүрө курууну максат кылууда. Жума сайын ар түрдүү темалар жана коноктор менен өткөрүлүүчү “Түрк дүйнөсү студенттик жолугушуулары” студенттерге санариптик жарандык аң-сезимди өнүктүрүү менен бирге маданий байлыктарды да алдыга чыгарып, уникалдуу окуу тажрыйбасын тартуулоодо.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C1gjg9ot3KT/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MjJkMmIyYzQxYw==

    Социалдык медиада бөлүшүү