Евробиримдиктин Кыргызстан менен кызматташуу бѳлүмүнүн ѳкүлдѳрү «Манаска» келишти


  • 2024-01-18

2024-жылдын 17-январында Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн Кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер баштаган делегация ѳкүлдѳрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде конокто болушту.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ Евробиримдиктин Кыргызстан менен кызматташуу бѳлүмүнүн ѳкүлдѳрү «Манас» университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты жана «Эразмус Мундус» долбоорун ѳнүктүрүү тууралуу пикир алмашуу жүрдү.

Жолугушуу ректораттын Окумуштуулар кеңешинин жыйындар залында ѳтүп, ага университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, доцент Камалбек Карымшаков, ректордун кеңешчиси жана тышкы байланыштар боюнча координатор, профессор Олгун Чичек, ректордун кеңешчиси, профессор Серхат Бурмаоглу, башкы катчы, профессор Октай Ѳзгүл, Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн Кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер жана Эразмус+  программасынын Кыргызстандагы улуттук кеңсесинин координатору Гүлнара Исаева, ошондой эле аталган кеңсенин 12 практиканты жана басма сѳз ѳкүлдѳрү катышты.

Жыйындын ачылыш сөзүндө ректордун кеңешчиси жана эл аралык байланыштар боюнча координатору, профессор Олгун Чичек Евробиримдиктин Кыргызстандагы делегация ѳкүлдѳрүнүн «Манас» университетине келгендигине кубанычта экендигин белгилеп: «Быйыл окуу жайыбызда интернационалдаштыруу жылы деп жарыяланган. Андыктан, университетте жылдын биринчи эл аралык делегациясын кабыл алганыбызга абдан кубанычтабыз»,-деди.

Андан кийин окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан Эразмус+ алмашуу программаларына өзгөчө маани берип жатканын баса белгилеп: «Манас университети илимий жетишкендиктери менен гана эмес, маданий көп түрдүүлүккө да кѳңүл бургандыгы менен өзгөчөлөнүп турат. Сиздерди университетибизде көргөнүбүзгө абдан кубанычтабыз. Университетибиздин эшиги сиздер үчүн ар дайым ачык”,-деди.

Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн Кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер ректор Алпаслан Жейланга жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип: «Биздин практиканттар Кыргызстандагы эң мыкты университеттердин бири менен жакындан таанышуу жана студенттер менен жолугушуу үчүн келишкен. Эразмус+ программасы биз жана бүткүл дүйнө үчүн маанилүү кызматташтык платформасы болуп саналат. Бул программага «Манас» университети активдүү катышкан жогорку окуу жайлардын бири экенин белгилегим келет. Сиздердин университетте билим берүү кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөрүн билебиз. Бул жагынан алганда «Манас» университети өлкөдө кыргыз тилинин өнүгүшүнө чоң салым кошуп жаткан окуу жай катары өзгөчөлөнөт”, -деп айтып келип, университеттин көп тилдүү билим берүүгө болгон мамилеси аймактагы тилдик көп түрдүүлүккө көмөктөшүп, маданий көпүрө түзөрүн белгиледи.

Андан кийин окуу иштери боюнча проректор, доцент Камалбек Карымшаков “Манас” университетинин факультеттери тууралуу, ал эми ректордун кеңешчиси, профессор Серхат Бурмаоглу практиканттарга “Манас” университетинин бүтүрүүчүсү болуунун жана окууну аяктагандан кийин жумушка орношуунун артыкчылыктары тууралуу айтып берди.

Жолугушууда «Манас» университетинин акысыз билим берүү модели, дүйнөнүн эң мыкты 1000 университетинин катарына кирген ийгилиги, стипендия алуу мүмкүнчүлүктөрү жана көп маданияттуу билим берүү чөйрөсүндөгү билим берүүнүн ѳзгѳчѳлүктѳрү баса белгиленди.

Жыйын суроо-жооптор менен коштолуп, конокторго университет тарабынан белектер тапшырылды. Мындан тышкары, делегация мүчѳлѳрү окуу жайдын факультеттери, илимий-изилдөө жана өндүрүштүк лабораториялары жана “Манас ТВ” телестудиясы менен таанышып чыгышты.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C2Pq3J5NWsy/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү