“Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы” долбоорунун күзгү семестрди жыйынтыктоо иш-чарасы


  • 2024-01-19

“Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы” долбоорунун 2023-2024 күзгү семестрди жыйынтыктоо иш-чарасы 2024-жылдын 18-январында онлайн режиминде өткөрүлдү. “Түрк дүйнөсүндө билим берүү” темасында уюштурулган иш-чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин башкы катчысы, профессор Октай Өзгүл, Инөнү университетинин ректору, профессор Ахмет Кызылай, Инөнү университетинин ректорунун кеңешчиси жана долбоордун координатору, профессор Неслихан Дурак, Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын төрагасы, профессор Иса Хабиббейли сыяктуу маанилүү баяндамачыларды кабыл алды.

Инөнү университетинин ректорунун кеңешчиси жана долбоордун координатору профессор Неслихан Дурак жыйынтыктоочу иш-чарада “Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы” долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иштер менен кеңири бөлүшүп, долбоорго колдоо көрсөткөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирди.

Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын төрагасы, профессор Иса Хабиббейли долбоордун билим берүү ишмердүүлүгүнө карата мындай пикирин билдирди: “Билим – улуттун келечеги”, - экенин баса белгилеп, түрк дүйнөсүнүн келечегинин кепилдиги болгон жаштардын долбоордо түрк маданиятынын байлыктарын ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушканын айтып өттү.

Өз сөзүндө Инөнү университетинин ректору, профессор Ахмет Кызылай Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирип, аталган долбоор түрк мамлекеттеринин ортосундагы боордоштукту бекемдейт деген ишеничин билдирди. Ректор, профессор Ахмет Кызылай долбоорго 300дөн ашуун илимпоз колдоо көрсөткөнүн белгиледи.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин башкы катчысы, профессор Октай өз сөзүндө: “КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейландын жетекчилигинде ишке ашырылган бул маанилүү долбоордо диапазонубузду кеңейтип, 11 өлкө менен байланыш түзө алдык”, - деп долбоордун ийгиликтүү аяктаганын жана 11 700 студенттин активдүү катышканын билдирди.

Профессор Октай Өзгүл 2022-2023-жылдары “Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы” долбоорунда ийгиликке жетишкен студенттердин “Манас” университетинде коноктолуп, “Билим лагеринин” курстары жана билим кербендери уюштурулганын айтты.  Мындан тышкары, түрк дүйнөсүнүн келечегине жарык чачкан бул биримдикти дагы да бекемдөөнү максат кылышкандарын, түрк биримдигинин билим берүү тармагы бекем түзүлүшкө ээ болушу үчүн иш-аракеттер улантыларын кошумчалады.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C2Rz14kN0q7/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү