UI GreenMetric Дүйнөдөгү университеттердин рейтингинде “Манас” университети алдыңкы 500гө кирди


  • 2024-01-25

Кыргыз-Түрк “Манас” университети UI GreenMetric World University Rankings версиясы боюнча дүйнөдөгү университеттердин рейтингинде 2023-жылы “Дүйнөдөгү эң туруктуу университеттердин” арасында 589-орунга ээ болуу менен ийгилик жаратты.

“Манас” университети 85 өлкөдөн 1183 университет ат салышкан бул рейтингде Кыргызстандан кирген жалгыз университет катары алдыга чыкты.

UI GreenMetric World University Rankings - дүйнө жүзүндөгү университеттерди баалоо максатында 2010-жылы Индонезия университети тарабынан ишке ашырылып баштап, 39 түрдүү индикаторду камтыган, энергетика жана сууну үнөмдөө, инфраструктура, транспорт, таштандыларды башкаруу, климаттын өзгөрүшү жана экологиялык туруктуулук тармактарындагы изилдөөлөрдү баалаган комплекстүү өлчөө болуп эсептелет.

“Манас” университетинин аталган рейтингдеги орду анын туруктуулукка умтулуусун жана дүйнө жүзүндөгү университеттер арасындагы лидерлик ролун дагы бир жолу далилдеди.

Ийгиликке жетүүдө үлүшү бар, университетибиздин өнүгүшүнө жана жетишкендиктерине салым кошкон окуу жайыбыздын профессордук-окутуучулук курамына, административдик кызматкерлерибизге, студенттерибизге жана салымы бар кызыкдар тараптарга ыраазычылык билдиребиз.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C2hChKoNnWu/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү