“Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборборунан “Манас” университетине Ардак грамота


  • 2024-01-30

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография Департаментинин “Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборбору тарабынан “Манас” университетине Кыргыз Республикасынын улуттук киноиндустриясынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Ардак грамота ыйгарылды.

2024-жылдын 29-январында “Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборборунун директору Талант Төлөбеков “Манас” университетинин проректору жана коммуникация факультетинин деканы, профессор  Мехмет Сезаи Түрктү зыярат кылып, Ардак грамотаны тапшырды.

“Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборборунун директору Талант Төлөбековдун айтымында, 2023-жылы Кыргызстандын киноиндустриясын эл аралык деңгээлде таанытуу жана колдоо көрсөтүү максатында иш алып барган “Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборборуна табыштама жөнөткөн 40 тасманын ичинен 20 тасмада “Манас” университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн ысымдары бар. Ал эми финалга өткөн 20 тасманын 11и “Манастын” бүтүрүүчүлөрүнө таандык.

Май айында өтө турган финалдык тандоого кирген эң мыкты 5 жеңүүчү Канн (Cannes) кинофестивалына жиберилип, алардын бардык чыгымдары каржыланат. Мындан тышкары, бул тасмалар Берлин кинофестивалы жана Венеция кинофестивалы сыяктуу фестивалдарга да катышат.

“Манас” университетинин студенттери алдыңкы 5тин катарына кирсе, кыргыз кино тармагын эл аралык деңгээлде көрсөтүп, “Манас” университетин таанытууга мүмкүнчүлүк алышат.

Окутуучуларыбыз жана студенттерибиз менен сыймыктанабыз жана мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз!

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

 

    Социалдык медиада бөлүшүү