“Манас” университети Акматбек Сүйүмбаев атындагы Орто-Алыш орто мектебине компьютер тартуу кылды


  • 2024-02-02

Кыргыз-Түрк “Манас” университети социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында Акматбек Сүйүмбаев атындагы Орто-Алыш орто мектебине олуттуу колдоо көрсөттү.

Технологиялык инфраструктурага кошкон салым: компьютер жана модем тартуу кылды

“Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана башкы катчы, профессор Октай Өзгүл 2024-жылдын 1-февралында Бишкектеги Байтик айылындагы орто мектепти зыярат кылып, окуучулардын билим алуусуна колдоо көрсөтүү максатында 10 компьютер жана 3 модем тартуу кылды.

Зыяраттын жүрүшүндө мектеп директору Зейнеп Кожомкулова “Манас” университетинин мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоого чоң салым кошуп, демөөрчүлүк көрсөткөнү үчүн профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле окуучулардын муктаждыктарын канааттандыруу менен мектептин техникалык инфраструктурасынын бекемделишине абдан кубанычта экенин айтты. Зейнеп Кожомкулованын айтымында, каржылык кыйынчылыктардан улам демөөрчүлүк көрсөткөн көптөгөн меценанттарга жардам сурап кайрылышканын, бирок алардын кайрылуусуна жооп келбегенин белгиледи. Ал эми  “Манас” университети бул кайрылууга кайдыгер карабай, мектеп жамаатынын өтүнүчүн дароо ишке ашырганын билдирди.

“Кыргызстандын ар бир аймагына пайда алып келүүнү каалайбыз”

“Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан зыяраттын жүрүшүндө мындай деди: “Биз, “Манас” университети, Кыргызстандын бардык билим берүү мекемелерин өзүбүздүн окуу жайыбыздай кабыл алабыз. Ошондуктан Кыргызстандын ар бир аймагына пайда алып келүүнү каалайбыз”, - деди.

Ректор Жейлан “Манас” университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн Кыргызстанда мугалим болуп иштеп жатканы чоң сыймык  жана кубаныч экенин белгилеп, жаш муундардын технологияны өздөштүрүүсүнө өзгөчө маани беришерин билдирди. Ошондой эле “Манас” университетинин социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында мектепте иштеген мугалимдерге Түркия түркчөсүн окутууда колдоо көрсөтүшөрүн айтып, сөзүн мындай деп улантты: “Биз, “Манас” университети, бул мектепке колдон келген колдоону көрсөтүүгө даярбыз.”

Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулар менен көңүлдүү убакыт өткөргөн “Манас” университетинин жетекчилигине көрсөткөн колдоосу үчүн Акматбек Сүйүмбаев атындагы Орто-Алыш орто мектебинин администрациясы тарабынан ыраазычылык кат ыйгарылды.

Окуучулардын жана мугалимдердин муктаждыктарын канааттандыруу үчүн кызмат кыла турган компьютердик колдоо менен “Манас” университети техникалык инфраструктураны гана чыңдабастан, ошол эле учурда илимий жана маданий көпүрөлөрдү да түздү.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C212zL7N8mv/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү