“Манас” университетинин кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымына багытталган маалымат жыйыны


  • 2024-02-02

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан кыргыз тилинин өнүгүүсү жана жайылуусу үчүн окуу жайыбызда өткөрүлгөн иш-чаралар, жүргүзүлгөн долбоорлор, жаңы кадамдар жана максаттар менен бөлүшүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен Бишкек шаарындагы “Шератон” мейманканасында жолугушту.

Маалымат жыйынына “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректорлор профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, ректордун кеңешчилери профессор Режай Доган жана профессор Серхат Бурмаоглу, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын кызматкери Улан Бакиров, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин ЖМК менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Гульмира Уметалиева, Анадолу агенттиги, ТРТ Аваз,  УТРК, ЭлТР, “Ала-Тоо 24”, “Кут Билим”, “7-канал”, “Эркин-Тоо”, “Кыргыз Туусу”, “Слово Кыргызстана”, Super.kg, “Манас” радиосу жана “Манас” телеканалы менен бирге университеттин басма сөз кызматынын өкүлдөрү катышты.

Бишкек шаарындагы “Шератон” мейманканасында уюштурулган пресс-жыйын “Манас” университетинин таанытуу тасмасы менен башталды.

Аалымдардын жеринде түптөлгөн университет: “Манас” университети

Таанытуу тасмасынан кийин ректор Жейлан Коркут Ата, Махмуд Кашкари, Жусуп Баласагын жана Чыңгыз Айтматов сыяктуу түрк элинин тарыхындагы маанилүү инсандарга токтолуп, “Дос жана боордош өлкөбүз Кыргызстанда эки өлкөнүн биргелешип түптөгөн “Манас” университетинин ректору катары сиздер менен жолугушуп жатканыма абдан кубанычтамын”, - деди жана университеттин миссиясына ылайык кыргыз тилин таанытуу, өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча өтмүштөн бүгүнкү күнгө чейин жасалып келген иш-чаралар жана изилдөөлөр менен бөлүштү.

Атуулдук жана мекенчилдик аң-сезими  менен салым кошуу

Ректор Жейлан 1995-жылы Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы келишимдин натыйжасында түзүлгөн Кыргыз-Түрк “Манас” университети негизделген күндөн тарта билим берүү кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлүп келүү менен кыргыз тилин атуулдук жана мекенчилдик аң-сезими менен коргой тургандыгын баса белгиледи.                    

Билим берүү системасы эл аралык деңгээлде жүргүзүлүп жатканын айткан ректор, профессор Алпаслан Жейлан университеттин сапаттуу билим берүү түшүнүгүнө басым жасады. Учурда “Манас” университетинин 27 өлкөдөн 262 мекеме жана уюм менен кызматташуу келишими бар экенин айтып, QS World University Rankings рейтингинде дүйнөнүн эң мыкты университеттеринин катарын толуктаганын жана бул жетишкендик Кыргызстандагы биринчи жетишкендик экенин билдирди.

Профессор Алпаслан Жейлан түрк элинин өтмүштөгү даңазалуу күндөрүн эске салып, өз сөзүндө Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын “Түрк дүйнөсүнүн жүз жылдыгы” деген билдирүүсүнө да басым жасады.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кыргыз тилин окутуудагы ролу

“Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан маалымат жыйынында буларга токтолду: "Жогорку билим берүүдө  кыргыз тилин эң жакшы окуткан жер - “Манас” университети деп ишенем. Статистика боюнча Кыргыз-Түрк "Манас" университети аркылуу болжол менен 56 600 адам кыргыз жана түрк тилдерин үйрөнгөн. Бул биздин өлкөлөр үчүн чоң жеңиш. Биз кыргыз тили күнүмдүк турмушта бардык жерде колдонулушун каалайбыз", - деп тилди кеңири жайылтууга чакырды.

Баяндамасында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров белгилегендей, “Тил – өлкөнүн келечек тагдыры үчүн өзөктүү баалуулук.” Ошондуктан кыргыз тили боюнча дагы изилдөөлөрдү жүргүзүү тапшырмасы берилгенин билдирди. “Манас” университетинин жалпы жамааты катары кыргыз тилинде сүйлөгөн, сактаган, өнүктүргөн жана үйрөнүп жаткан ар бир адамга колдоо көрсөтүү аракетиндебиз. Бул боюнча иш-аракетибизди уланта бермекчибиз. Биз жасап келген жана жасап жаткан бул маанилүү иштер Кыргызстанга да, түрк дүйнөсүнө да салым кошот деп ишенебиз. Сиздердин колдооңуздар менен келечекте дагы маанилүү долбоорлордун ишке ашырылышына тилектешпиз. Ага ылайык, университетибизге тез-тез келишиңиздерди каалайм. Биргеликте дагы көптөгөн маңыздуу иш-чараларды ишке ашырып, келечекке бирге кадам таштоо бизди кубандырат”, - деп сөзүн жыйынтыктады.

 “Манас” университетинин кыргыз тилинин өнүгүүсүнө кошкон салымы

Профессор Алпаслан Жейландын пресс-жыйындагы баяндамасынан кийин “Манас” университетинин чет тилдер жогорку мектебинин кыргыз тили координатору, окутуучу Кыял Токтоналиева “Манас” университетинин кыргыз тилин өркүндөтүүгө кошкон салымы” темасында презентация жасады. Презентацияда “Манас” университетинин профессордук-окутуучулук курамы тарабынан иштелип чыккан табигый илимдер  жана коомдук илимдер тармагында жогорку билим берүү мекемелеринде окутуу үчүн кыргызча сабак китептери, сөздүктөр, терминологиялык сөздүктөр, усулдук колдонмо жана котормо китептер, өткөрүлгөн семинар, конференция сыяктуу илимий иш-чаралар тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле санарип платформалар аркылуу кыргыз тилин окутуу кандайча колдоого алынарын айтып берди.

Мындан тышкары, Улуу Памирде жашаган кыргыздарга жана кыргызча үйрөнүүнү каалагандарга онлайн кыргыз тили курстары берилип, КТМУнун Үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан жыл бою кыргыз тили курстары жана учурдагы ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берди. “Манас” радиосу жана “Манас” телеканалы кыргыз тилинде программаларды жасап, кыргыз тилинин медиа тармагында да функционалдык түрдө колдонулуп жатканын белгиледи.

 “Манас” телеканалы пандемия учурунда күн сайын болжол менен 12 саат иштеп, КРнын Билим берүү жана илим министрлиги үчүн 1000ге жакын видео сабактарды тартып, муну менен өлкөдөгү орто билим берүүнү үзгүлтүксүз улантууга чоң салым кошкон. Пандемия учурунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин да маанилүү өнөктөшү болгонун, эксперттердин катышуусунда коомчулукка пандемия тууралуу маалымат берүү үчүн социалдык секциялар жана телеберүүлөр даярдалганын, бул берүүлөрдүн баары “Манас” университетинин логотиби менен мамлекеттик телеканалдан көрсөтүлгөнүн билдирди.

Чоң кызыгуу жараткан маалымат жыйыны басма сөз өкүлдөрүнүн суроолору менен улантылды. Андан соң эртең мененки тамак менен уланган жолугушуу достук маанайда өтүп, эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C22kjx9tuLA/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

https://www.instagram.com/p/C22yPXLNxA_/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C22YJmjN3W4/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү