2023-жылдагы ички аудитти баалоо жыйыны болуп өттү


  • 2024-02-10

2024-жылдын 9-февралында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректоратынын жыйындар залында окуу жайдын кызматкерлерине “2023-жылдагы ички аудитти баалоо отчету” боюнча маалымат жыйыны өткөрүлдү.

“Манас” университетинин башкы катчысы жана Сапатты башкаруу боюнча өкүлү, профессор  Октай Өзгүл Түрк Стандарттары Институту (TSE) тарабынан 2023-жылдын 24-28-апрель күндөрү жүргүзүлгөн 2-Көзөмөл текшерүүсүнөн кийин сапатка берилген маанинин жогорулаганын баса белгиледи.

 Сапат - бул бир бүтүн

Профессор Октай Өзгүл өз сөзүндө мекеменин ичиндеги сапатты башкаруу процесстерин бекемдөө жана эл аралык стандарттарга ыңгайлаштыруу аракеттеринин маанисине токтолду. Мындан тышкары, 59 сертификацияланган аудитордун катышуусу менен жүргүзүлгөн комплекстүү “Ички аудит иш-чаралары” ийгиликтүү аяктаганын билдирди.

Жыйында “Сапат – бул бир бүтүн”, - деп сапатты көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген профессор Октай Өзгүл университеттин кызматкерлерине ишке ашырылышы керек болгон иш-чараларга байланыштуу сунуштарын айтты. Профессор Октай Өзгүл: “Мен “Манас” университети алдыда дагы жетишкендиктерге жетишет деп ишенем”, - деди жана салым кошкон университеттин жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди.

 Кыргызстанда биринчи

Андан соң сөз сүйлөгөн ректордун кеңешчиси, Корпоративдик маалыматтар жана тышкы байланыштар координатору, профессор Олгун Чичек университеттин интернационалдаштыруу боюнча аракеттери жөнүндө кененирээк токтолду. Жыйындын катышуучуларына: “Университетибизде быйыл “Интернационалдаштыруу жылы” экендигин сиздерге билдиргим келет”, - деген профессор Олгун Чичек “Манас” университетинде 2025-жылга карата QS изилдөөлөрү башталганын жана QS Stars программасына табыштама жөнөтүлгөнүн билдирди. Айрыкча QS Stars баалоосунда “Манас” университети Кыргызстанда биринчиликти жаратуу менен интернационалдаштыруу жаатында алдыга чыкканын билдирди.

Профессор Олгун Чичек университетибизде жакында түзүлгөн Корпоративдик маалыматтар координаторлугу жөнүндө маалымат берип, “Манас” университетинин дагы да алдыга жылуусу үчүн ар бирине жоопкерчилик жүктөлгөнүн билдирди. “Бул жолдо ар ким колунан келген аракетин жасайт деп ишенем”, - деди ал.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C3O-k8gtim8/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү