“Акыл таймаш” жаштар кубогу “Манас” университетинде өткөрүлдү


  • 2024-02-13

2024-жылдын 9-февралында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан жаштарынын конгресси жана “Агартуу лигасы” билим берүү долбоорунун негизинде Студенттик кеңеш башкармалыгы тарабынан уюштурулган Бишкек шаарындагы ЖОЖдор аралык “Акыл таймаш” жаштар кубогу өткөрүлдү.

Жогорку окуу жайлар арасындагы ынтымакты жана достукту бекемдөө максатында өткөрүлгөн таймаш университеттер арасында ай сайын уюштурулуп келет. Бул ирет КТМУда өткөрүлгөн иш-чарага Бишкек шаарындагы университеттерден 13 команда катышты. Таймаштын жүрүшүндө катышуучулар Кыргызстандын тарыхынын негизинде даярдалган суроолорго жооп беришти. Интеллектуалдык оюн Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналып, жаштар билими менен суктандырышты.

КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев өз сөзүндө буларга токтолду: “Даңазалуу тарыхыбызды эскерип, андан жакшы сабактарды алышыбыз керек. Тарыхты эскерүүнүн жолдорунун бири - ушундай “Акыл таймаш” оюндарын өткөрүү.” Министрдин орун басары Тагаев жаштарга тарыхты дагы да терең изилдөөгө чакырып, ата-бабадан калган ыйык мурасты коргоонун маанилүүлүгүнө токтолду.

КТМУнун проректору, доцент Камалбек Карымшаков иш-чаранын мыкты азем менен өтүп жатканын белгилеп: “Өзгөчө бүгүнкү иш-чаранын жакшы жөрөлгөсү  кара күч эмес, акыл менен таймашкан жаштарды көрүү - бул өлкөбүздүн келечегинин кандай жетишкендиктерге жетерине ишеним артып жатат”, - деп айтып, өлкөбүздүн түрдүү жогорку окуу жайларынан келген жаштар менен жолугушуп жатканына кубанычта экенин билдирди.

Доцент Камалбек Карымшаков сөзүн мындай деп улантты: “2023-жылы Түркия Республикасынын 100 жылдыгы белгиленди, ал эми 2024-жылы Кара- Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл болду. Бул биз үчүн символикалык чоң мааниге ээ. 2 өлкөнүн арасындагы орток окуу жай катары орток баалуулуктарга, маданиятыбызга көңүл буруп келебиз. Ошондуктан бүгүнкү таймаштын ушундай темада болгону бизге өзгөчө кубаныч тартуулайт”, -деп таймаштын катышуучуларына ийгилик каалады.

Таймаштын жыйынтыгында Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен келген  "Эрудит" командасы 1-орунду камсыздады. Ал эми 2-орунду К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин “Кенч” командасы алып, 3-орунга Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен “Политех” командасы ээ болду. Жеңүүчүлөр дипломдор жана китептер менен сыйланышты.

Кыргызстандын түрдүү жогорку окуу жайларынын студенттеринин катышуусунда өткөн иш-чара жаштардын акыл-эстүүлүгүн, чыгармачылыгын көрсөтүү менен атаандашууга шарт түзүү менен бирге университеттер арасындагы ынтымакты, достукту бекемдеди.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C3RgpXEoIsK/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C3LMvLKNF0o/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү