“Манас” университетинде Эл аралык эне тил күнү


  • 2024-02-14

2024-жылдын 14-февралында “Манас” университетинин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында “Тил жана адабият дүйнөсү” аттуу илимий-маданий иш-чара өткөрүлдү.

Аталган иш-чара Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин филология бөлүмү жана Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Европа цивилизациясы факультети тарабынан эл аралык эне тил күнүнө карата уюштурулду. Илимий-маданий иш-чарага Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин биринчи проректору Узакбай Козуев, КТМУнун гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык, декандын орун басары, Доц.док. Халит Ашлар, филология бөлүмүнүн башчысы, профессор Бурул Сагынбаева, түркология бөлүмүнүн башчысы, профессор Озан Йылмаз, эки университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.

Маданий жана илимий баяндамалар бөлүмдөрүнөн турган иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин биринчи проректору Узакбай Козуев эне тилди ар дайым сүйүүнүн, жайылтуунун жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. “Бул иш-чараны эки университеттин биргеликте өткөрүп жатканы чоң кубаныч тартуулайт. Мындан ары да ушундай иш-чараларды бирге ишке ашырып, илим-билим багытында иштешүүгө дайыма даярбыз”, - деп “Манас” университетинин жалпы жамаатына ыраазычылык билдирүү менен сөзүн жыйынтыктады.

Иш-чарада КТМУнун гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык тилдин цивилизацияны, маданиятты, үрп-адатты өнүктүрүүдө жана башка элдерге таанытууда эң негизги куралдардын бири экенин баса белгиледи. Өз сөзүндө маданий жана илимий өнүгүү жагынан эне тилдин баалуулугуна көңүл бурган профессор Алпаслан Ашык маданий көп түрдүүлүк, илимий прогресс тилдин байлыгы жана өз ара аракеттенүүсү менен түздөн түз байланыштуу экенин билдирди. Мындан тышкары, “ЮНЕСКО тарабынан эл аралык эне тил күнү деп жарыяланган бул өзгөчө күн эне тилдин маанилүүлүгүн эске салуу үчүн өзгөчө мааниси бар”, - деп мындай иш-чараларды уюштуруу студенттерге эне тилдин баркын үйрөтүү милдетин аткаруу экенин айтып өттү.

Иш-чаранын маданий бөлүмүндө “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин студенттери дүйнө тилдеринде тил күнү менен куттукташып, жагымдуу маанай тартуулашты.

Иш-чарада илимий талкууга филология бөлүмүнүн башчысы, ф.и.д, профессор Бурул Сагынбаева модераторлук кылып, күндүн маанилүүлүгүнө көңүл буруп, мындай иш-чаралардын “Манас” университетинде өткөрүлүп жатканына кубанычта экенин билдирди. Илимий баяндамалар бөлүмүндө КТМУ жана К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин окутуучулары ар түрдүү темалардын алкагында баяндама жасашты.

Илимий баяндамалар бөлүмүнүн соңунда баяндамачыларга катышуу сертификаттары тапшырылып, биргеликте эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды. Бул баалуу иш-чаранын жетишкендиги – тилдин жана адабияттын маанилүүлүгүнө ылайык маалымдуулукту арттырууда маанилүү кадам болду.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C3VqxowtE4R/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү