Чет тилдер жогорку мектеби 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүн түрдүү иш-чаралар менен белгиледи


  • 2024-02-20

“Манас” университетинин чет тилдер жогорку мектеби 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнүн алкагында тилдин маанилүүлүгүн белгилөө жана маданий байлыктар менен бөлүшүү максатында түрдүү иш-чараларды өткөрүп, тилдин жана маданий мурастын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Алгач 2024-жылдын 14-февралында “Эне тилдин мааниси” аталышында дилбаян сынагы болуп өттү. Кыргыз тилин активдүү колдонуу тууралуу маалымдуулукту арттыруу максатын көздөгөн сынакка 63 студент катышты.

Мындан тышкары, "Улут болсом тилим менен улутмун" аттуу видео сабак өткөрүлдү. 15-февралда өткөрүлгөн видео сабакка чет тилдер жогорку мектебинин тил үйрөтүү бөлүмүнүн окутуучулары Кыял Токтоналиева жана Алтынбек Исмаилов бул күндүн тарыхы, эне тилдин мааниси, кыргыз тилинин бүгүнкү күндөгү абалы жана башка темалар боюнча кеңири маалымат беришти. “Манас” университетинин окутуучусу, акын Алтынбек Исмаиловдун “Эне тил” темасындагы ырлары аткарылган иш-чарага чет тилдер жогорку мектебинин кызматкерлери жана 1000ге жакын студенттер катышты

“Манас” университети 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чаралары менен эне тилди коргоо жана маданий мурастарды сактоо жөнүндөгү чечкиндүүлүгүн дагы бир жолу көрсөттү.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C3km9crtLcJ/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү