Магистратура жана докторантура программаларынын студенттерине этикалык баалуулуктарга басым жасоо боюнча семинар


  • 2024-02-21

2024-жылдын 20-февралында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин кинозалында магистратура, докторантура программаларынын студенттерине Назарбаев университетинин табигый жана гуманитардык илимдер факультетинин окутуучусу, профессор Ули Шамилоглу тарабынан “Изилдөө этикасы/Бакалавриат, магистратура жана докторантура программаларынын студенттеринин изилдөө жана жарыялоого катышуусу” аттуу семинар өткөрүлдү.

Семинарда профессор Шамилоглу катышуучуларга изилдөө процесстеринде этикалык баалуулуктарга басым жасоонун маанилүүлүгүн түшүндүрдү. Илимий изилдөөлөрдүн маалымат жаратуу менен гана тим болбостон, ошол эле учурда этикалык баалуулуктарга ылайык жүргүзүлүшүнүн зарылчылыгы жөнүндө маанилүү көз карашын билдирүү менен студенттерге багыт берди.

Профессор Ули Шамилоглунун билдирүүлөрү катышуучуларга илимий изилдөөлөр боюнча тереңирээк көз караш менен кароо мүмкүнчүлүгүн гана бербестен, изилдөөдө этикалык баалуулуктарга басым жасоо күчтүү пайдубал түзөрүн көрсөттү. Мындан тышкары, профессор Шамилоглу изилдөө жана жарыялоо процесстеринде этикалык баалуулуктарга ылайык иш кылуунун илим дүйнөсүндө ишенимдүүлүктү арттыра турганына көңүл бурду.

Профессор Ули Шамилоглу катышуучуларга илим маалымат жаратуу процесси гана эмес, ошол эле учурда этикалык баалуулуктарга ылайык ишке ашырылганда дагы да маңыздуу жана ишенимдүү болорун айтты.

Семинар суроо-жооп түрүндө уланып, андан соң профессор Ули Шамилоглуга ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C3m_M1dtIkY/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү