Илимий изилдөө долбоорлору (ВАР) семинары


  • 2024-02-23

2024-жылдын 22-февралында Долбоордун дизайнын жаратуу жана жазуу семинарлары алкагында уюштурулган илимий изилдөө долбоорлорунун (BAP) жалпы негиздери жана принциптери боюнча семинар КТМУнун Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында болуп өттү. Семинар профессордук-окутуучулук курам, магистратура жана докторантура программаларынын студенттери тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынды.

Илимий изилдөө долбоорлору (ВАР) комиссиясынын төрагасы жана гуманитардык факультетинин социология бөлүмүнүн башчысы, профессор Эртан Өзенсел ачылыш сөзүндө долбоорду ишке ашыруу процессинде колдосун аябаган “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирип, семинардын максатын жана маанилүүлүгүн катышуучулар менен бөлүштү.

Профессор Өзенсел жаңы директивалар, жол көрсөткүчтөр, долбоордун түрлөрү жана колдоо суммалары тууралуу маалымат берип жатып, долбоорго табыштамалар жылына эки жолу түзүлөрүн жана долбоордун тышкы колдоо талабынын жоюлганын айтты. Долбоордун түрлөрү диверсификацияланганын жана анын жүрүшүндө жергиликтүү жана эл аралык симпозиум/конгресс колдоолорунун көрсөтүлгөнүн айтты. Ал ошондой эле магистратура жана докторантура программаларынын студенттерин да илимий жетекчилери менен бирге табыштама жөнөтүшсө болорун жана бул долбоорлорго колдоо көрсөтүлгөнүн билдирди.

Катышуучулардын суроолоруна кылдаттык менен жооп берген профессор Эртан Өзенсел илимий изилдөөлөрдүн маанилүүлүгүнө токтолуп, семинарга кызыгуу менен катышкандардын баарына ыраазычылык билдирди.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C3srKhatgdY/?utm_source=ig_web_copy_link

    Социалдык медиада бөлүшүү