“Манас” университетинин магистранты Айжан Анарбекова “Жогорку Кеңешке-85 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланды


  • 2024-02-26

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин спорт илимдери факультетинин дене тарбия магистратура программасынын 1-курсунун магистранты, “Алыш” бел боо күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону Айжан Анарбекова кыргыз спортунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланды.

Бардык ийгиликтеринин себепкери тренери Жеңиш Токтоназаров экенин сыймыктануу менен айткан Анарбекова: “2023-жылы Өзбекстанда өтүп жаткан Азия чемпионатынын алкагында алыш бел боо күрөшүнүн классикалык түрү боюнча алтын медаль алдым. Жогорку Кеңеш тарабынан берилген бул сыйлык Азия чемпионатындагы ийгилик менен буга чейинки жетишкендиктеримдин натыйжасында берилгени чоң сыймык,” – деди.

Спорттун 7 түрү менен машыккан эл аралык класстагы спорт чебери Айжан Анарбекова өз сөзүндө учурда “Алыш” бел боо күрөшүнө басым жасап, быйыл Казакстанда өткөрүлө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүп жатканын айтты.

Сыймыктуу студентибизди чын жүрөктөн куттуктап, албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C3z2jCaNkBL/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү