Бал аарычылыктагы жаңы кадамдар: “Манас” университетинде аары оорулары боюнча семинар


  • 2024-02-28

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөрүлгөн “Аары ооруларына каршы натыйжалуу күрөшүү ыкмалары жана экспорт үчүн керектүү талаптар” семинары Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында КТМУнун ветеринария факультети тарабынан уюштурулду жана сектордогу маанилүү ысымдардын башын бириктирди.

Семинар “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун директору, профессор Жаныбек Керималиев, Кыргыз Республикасынын Балчылар палатасынын төрагасы Султанбек Аббасов, “Ат-Башы ак бал” коммерциялык кооперативинин төрагасы Рахат Токталиев, ветеринария факультетинин деканы, профессор Исмаил Шен, Кыргызстандын бир нече аймагынан келген 130 балчы, профессордук-окутуучулук курам жана студенттердин катышуусунда өттү.

Ветеринария факультетинин деканы, профессор Исмаил Шен ачылыш сөзүндө айыл чарба экономикасынын Кыргызстанда маанилүү тармак сектор экенин белгилеп,  “КТМУ коом үчүн жасаган иш-аракеттери менен алдыга чыгууда. Ветеринария факультети мал чарба тармагына салым кошуп, сапаттуу бал өндүрүүнү арттыруу үчүн маанилүү кадамдарды жасайт”, - деди. Профессор Исмаил Шен семинардын жыйынтыгы коомчулук менен бөлүшүлө турганын жана бал аарычылык боюнча келечекте жасала турчу иштерге колдоо көрсөтөрүн баса белгиледи.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан семинардын маанисине токтолуп, “Бүгүнкү иш-чара баарыбыз үчүн абдан баалуу. Семинардын жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен бөлүшөбүз”, - деди. “Дүйнөдөгү эң сапаттуу балды өндүргөн өлкө Кыргызстан. Университетибиз бул сапатты жогорулатуу үчүн маанилүү кадамдарды жасайт жана бал аарычылык тармагына салым кошот”, - деп кошумчалады.

Семинарды ветеринария факультетинин окутуучусу, Доц.док. Улаш Ажарөз өтүп, аары оорулары жана бул оорулар менен күрөшүү ыкмалары тууралуу кеңири маалымат берип, катышуучулардын суроолоруна да жооп берди.

Иш-чарадан кийин өткөрүлгөн баалоо жыйынында катышуучулар арасында бал аарычылык тармагында кездешкен учурдагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору боюнча кызуу пикир алмашуу болду.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C363W-htTos/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү