Монголия парламентинин төрагасы Гомбожавын Занданшатар “Манас” университетинде


  • 2024-02-29

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Борбордук Азия изилдөө борбору жана Монголиянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте уюштурулган “Алтайдан өткөн тарыхый жол” аттуу семинар өткөрүлдү. Семинар 2024-жылдын 28-февралында КТМУнун ректоратынын жыйындар залында өттү.

Семинардын алдында Монголия парламентинин төрагасы Гомбожавын Занданшатар ректор, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Монголия парламентинин төрагасы Занданшатар монголиялык студенттердин “Манас” университетинде билим алып жатканына канааттануусун билдирип, студенттер үчүн бул престиждүү университетте билим алуу чоң мүмкүнчүлүк экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун артынан өткөрүлгөн семинарга Монголия парламентинин төрагасы Гомбожавын Занданшатар, Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содном, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, проректорлор профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл жана профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Семинардын ачылыш сөзүн сүйлөгөн КТМУнун биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолуп, “Алтайдан өткөн тарыхый жол”  аталышындагы семинардын илимий жана маданий жактан чоң салым кошоорун билдирди. "Боордош Монголиядан келген жаштар университетибизди тандап, кыргыз, түрк, англис жана орус тилдерин үйрөнүп жатканы бизди абдан кубандырат”, -деди.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө Монголиянын Борбор Азиядагы стратегиялык абалын баса белгилеп, эки өлкө арасындагы тарыхый достукка көңүл бурду. “Монголия менен болгон карым-катнашыбыз түрк тарыхынын түптөлгөн маалыматтарынын бири болгон Орхон жазма эстеликтеринен башталат. Монголия Түрк мамлекеттер уюмунун да баалуу өнөктөшү жана жакын досу”, - деди. Профессор Жейлан Кыргызстан-Түркия-Монголия ортосундагы илимий жана маданий байланыштар университетибиздин негизинде мындан ары да өнүгө турганын билдирди.

КТМУнун Борбордук Азия изилдөө борборунун төрагасы, профессор Насух Услу ORASAMдын иш-чаралары тууралуу маалымат берип, студенттерге берилген практика мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.

Семинардын негизги спикери Монголия парламентинин төрагасы Гомбожавын Занданшатар сөзүнүн башында “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга орток тарых, маданият жана тил мурасын бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

Парламенттин төрагасы Занданшатар “Алтайдан өткөн тарыхый жол”  аттуу семинарда глобалдашуу дүйнөсүндө жакын тарых, тил жана маданий байланыштардын маанисине көңүл буруп,  “Манас” эпосу боюнча пикирин бөлүштү. “Манас” эпосу кыргыз тилинин, тарыхынын жана маданиятынын классикалык очогу болуп саналат. Бул тарыхый чыгарма коңшу элдер менен болгон байланыштарды далилдейт. Мындан тышкары, “Манас” эпосу монгол-кыргыз тарыхый байланыштарын чагылдырган бай далилдерди камтыйт”, - деди. Семинардын аягында Занданшатар студенттердин суроолоруна жооп берип, катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Иш-чара белек берүү жана эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

    Социалдык медиада бөлүшүү