“Маалыматты пайдалануу жана анын коопсуздугу” семинары


  • 2024-03-07

КТМУнун Үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан уюштурулган иш-чаралардын алкагында 2024-жылдын 6-мартында “Маалыматты пайдалануу жана анын коопсуздугу” аттуу семинар туризм факультетинин саякат иши жана гид кызматы бөлүмүнүн окутуучусу, доц.др. Гүнтекин Шимшек тарабынан өткөрүлдү.

Маалымат азыркы коомчулукта эң чоң күчкө айланды

Доц.др. Гүнтекин Шимшек тарабынан өткөрүлгөн семинарды профессордук-окутуучулук курам жана студенттер чоң кызыгуу менен кабыл алышты. Доц.др. Гүнтекин Шимшек өз сөзүндө маалымат түшүнүгүнө басым жасап, маалымат коопсуздугунун максатын жана маанисин катышуучуларга түшүндүрдү. Доц.др. Гүнтекин Шимшек азыркы коомчулукта маалымат эң чоң күчкө айланганын белгилеп, “Маалыматка ээ болгон адамдар, тайпалар, мекемелер же өлкөлөр күчкө да ээ”, - деди.

Доц.др. Гүнтекин Шимшек маалымат коопсуздугунун жеке адам үчүн гана эмес, мекеме жана өлкөлөр үчүн да өтө маанилүү экенин баса белгиледи. Маалыматты туура, коопсуз жана эффективдүү пайдалануу коомчулуктун өнүгүшүнө чоң салым кошоорун билдирди.

Семинар катышуучулардын маалымдуулугун жогорулатууда жана маалымат коомчулугунун талаптарына ыңгайлашуу аракетин жеткирүүдө да көңүл бурду.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C4NyHNxtnrZ/?utm_source=ig_web_copy_link

    Социалдык медиада бөлүшүү