Туризм факультетинде "Карьера күнү-2024" өттү


  • 2024-03-13

2024-жылдын 12-мартында КТМУнун туризм факультети тарабынан "Карьера күнү-2024" иш-чарасы уюштурулду.

Аталган иш-чара туризм факультетинин студенттери үчүн уюштурулуп, ага профессордук-окутуучулук курам, студенттер жана Кыргызстандын түрдүү аймагынан келген ири компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Университетибиздин туризм факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө жумуш орундарын таап берүү жана  ири компания, мекемелер менен жакындан тааныштыруу максатында уюштурулган иш-чара декан жардамчылары Доц.док. Гүнтекин Шимшек менен Доц.м.а.док. Нарынгуль Маргазиеванын ачылыш сөздөрү менен башталды.

"Факультет катары теория менен практиканы чогуу алып кетүү аракетиндебиз", -деген туризм факультетинин декан жардамчысы, Доц.док. Гүнтекин Шимшек иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгилеп, тармактын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. Декан жардамчысы, Доц.м.а.док. Нарынгуль Маргазиева өз сөзүндө студенттердин милдеттүү практика өтөөсү боюнча кенен маалымат берди.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин КТМУнун Карьера кеңсесинин жетекчиси, Доц.док. Мурат Эсен баяндамасында иш берүүчүлөр менен кызматташып, студенттерге жана бүтүрүүчүлөргө колдоо көрсөткөн борбордун ишмердүүлүгү менен тааныштырып, алдыдагы пландары менен бөлүштү. Карьера кеңсесинин жетекчиси, Доц.док. Мурат Эсен аталган иш-чаранын студенттердин келечеги үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө тармактын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү презентация жасашып, практика өтүү жана иштөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кенен маалымат беришти.

Алдыдагы карьераларын баштоону чыдамсыздык менен күтүп жатышкан студенттер үчүн бул иш-чара абдан пайдалуу болуп, кызыккан суроолоруна жооп алууга мүмкүнчүлүк түздү.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C4dDHk5t34j/

İnstagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C4aYBmTNzJH/

    Социалдык медиада бөлүшүү